Коронавирус жуктургандар менен көрүшкөн Чүйдүн беш тургуну табылды

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевАэропорттогу жүргүнчүлөрдү текшерүү
Аэропорттогу жүргүнчүлөрдү текшерүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сураштыруу учурунда вирус жуктуруп алгандарды ташып келген учак Бишкектеги "Манас" аэропортуна келип конгону, аларды Чүй облусунда жашаган туугандары тосуп алганы айтылган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандар менен жолугушкан Чүй облусунун беш тургуну табылып, карантинге киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилди. Анткени ал жактан Сауд Аравиядан кичи ажылыкка барып келген үч адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кийимди алмаштыр, бетти кармалаба. Коронавирустан сактануу жолдору
Сураштыруу учурунда аларды ташып келген учак Бишкектеги "Манас" аэропортуна келип конгону жана Чүй облусунда жашаган туугандары тосуп алганы айтылган.

Министрликтен билдиришкендей, изделип жаткандар табылып, обсервацияга алынды. Бардыгы анализ тапшырышты.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0