Эртең Ошто ун жарманкеси башталат. Бир кишиге 2 каптан ашык сатылбайт

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүКаптагы ун. Архив
Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Ош шаарында ун алууга кезек күткөндөр жана ун ала албай убара болгондор көп экени айтылган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Эртең, 19-марттан баштап, Ош шаарынын кире беришиндеги Фуркат айылында ун жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Каалоочулар Кулатов кичи районундагы борбордук ун базарына барса болот. Базарда ундун элге пайдалуу сатылуусун Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов өз көзөмөлүнө алды.

“Биринчи сорттогу бир мүшөк ун 1350 сомдон сатылат. Бир адамга бир же эки каптан гана берилет. Пайда көрүү максатында дүңүнөн ун сатып алууну көздөгөндөргө ун сатылбайт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан кошумчалашкандай, жарманкенин шаар сыртына уюштурулушунун себеби – тегерек-четтеги тургундарды бүгүнкүдөй кооптуу учурда эл көп шаарга киргизбей, сырттан ээн-эркин алып кетүүсүнө шарт түзүү.

Эске салсак, бүгүн Ош шаарында ун алууга кезек күткөндөрдүн саны көп экени жана ун ала албай убара болгондор бар экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0