Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов посетил международный аэропорт «Манас» - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус Кыргызстанга жетти. Учурда өлкөдө абал кандай

Жазылуу
Кечээ Кыргызстандан коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Эркек кишилер Сауд Аравиядан келген.

Ушул аптанын башынан тарта өкмөт күн сайын өлкөдөгү абал боюнча маалымат берип турмай болгон. Бүгүнкү брифингди саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өткөрүүдө.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:32 19.03.2020

Ахматов: бул деле көп учурга созулбайт, буюрса 2-3 жумага барат. Ошого чыдап коюуну суранат элек.

17:30 19.03.2020

Кыргызстандагы коронавирустун жайылышын чектеп, аны жок кылуу үчүн Япониянын тажрыйбасы пайдаланылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

17:29 19.03.2020

Ахматов: ӨКМ учурда кырдаал боюнча сунушун айтты. Ар бир адамга СМС аркылуу жеткирели, ТВ аркылуу берели деп жатабыз. Жеке гигиенаны сактап, ар 15 мүнөттө жылуу суу ичип тургула. Эл көп чогулган жерге барбагыла, бөлмөлөрдү ар бир эки саат сайын тазалап тургула. Колдон келсе той-аштарга, конокко барбай тургула.

17:27 19.03.2020

Ахматов: Россияда, Казакстандын чек арасындагы мекендештерди алып келүү боюнча маселе каралып жатат. Учурда эки постто күтүп отурган 160 жана 130 жаран бар экен. Бүгүн керектүү шаймандар менен тиешелүү топ чыгып кетти.

17:26 19.03.2020

Ахматов: 112 түз байланышы мыкты иштеп жатат дегенден алысмын. Болбосо күнү-түнү иштеп, маалыматтарды алып жатышат. Кээде телефон бош болбой калышы мүмкүн.

17:25 19.03.2020

Мыйзам боюнча эки айылда өзгөчө кырдаал жаралса районго киргизидет. Эки райондо өзгөчө кырдаал пайда болсо облуска киргизилет. Ал эми бир облуста өзгөчө кырдаал жаралса республикага киргизилет.

17:23 19.03.2020
17:19 19.03.2020

Ахматов: ар бир ишкер кеңсенин, имараттын ичин эки саатта бирден дезифекциялап турушу керек.

17:18 19.03.2020

Азыркыдай режим канча убакытка чейин уланат деген суроого Ахматов оорулуулардын абалына жараша деп жооп берди. Анын айтымында, 145 адамды текшерген тесттин жыйынтыгы эртен менен даяр болот. 

17:17 19.03.2020

Жыйынды өзгөчө кырдаал министринин орун басары Калыс Ахматов онлайн өткөрүүдө. Бул жыйынга ЖМКнын өкүлдөрү барган жок, бүгүндөн тарта маалымат жыйындар онлайн түрүндө өтмөкчү.

16:24 19.03.2020

Ош облусундагы мал базарлар убактылуу жабыла турганын облустук милициядан билдиришти.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында адамдар көп топтолгон жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ошол себептен Ош облусунун аймагында жайгашкан мал базарлардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат.

Облустук милиция бүгүнкү күндөн баштап жарандардан убактылуу мал базарга келбей турууга чакырат. Бул талапты ишке ашыруу максатында ар бир райондун аймагына атайын посттор коюлат.

16:15 19.03.2020

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектепке чейинки билим берүү тармагындагы уюмдардын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Буйрукка ылайык, 2020-жылдын 20-мартынан 8-апрелине чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан бардык бакчалар иши токтотот.

14:53 19.03.2020

Баткен облусунун сегиз тургунунун анализдери таза чыкты, коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

14:51 19.03.2020
Дезинфекция общественного транспорта в Оше - Sputnik Кыргызстан
12:33 19.03.2020

Коронавирустун кесепетин жоюуга багытталган иштерди жүргүзүүгө Кыргызстан бир миллиард сомдон ашуун акча жумшайт. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Аталган каражат өлкөгө азык-түлүк алып келүүгө жана коронавирус менен күрөшүүгө сарпталмакчы.

"Саламаттык сактоо министрлигине 50 миллион, обсервацияда жаткандарды караган Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 21 миллион сом, дезинфекциялоочу каражаттарды алууга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга 5 миллион сом берилди. Бул вирус менен түздөн-түз алышып жаткандарга бөлүнгөн каражат", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы, мындан сырткары, экономика тармагына 800 миллион сом бөлүнө турганын белгиледи.

"Өкмөт Казакстандан ун жана башка биринчи кезекте керектелүчүү азык-түлүктөрдү алып келүүгө 400 миллион сом бөлдүк, эки мамлекеттик банк 200 миллиондон бөлөт. Ошол 800 миллион сомду биздин кызматты аткара турган ишкерлерге 8 пайыздык кредит менен бердик. Андан тышкары, ӨКМге дагы 200 миллион сомду бөлүүнү сунуштап, алдыңарга алып келдик. Ошонун баарын кошкондо 1,1 миллиард сом болот", — деди премьер-министр.

Абылгазиев коңшу өлкөлөрдөн жүк ташууга тоскоолдук жок экенин белгилеп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралбай турганын айтты.

12:16 19.03.2020
11:51 19.03.2020

Ал арада 12-март күнү умрадан келген зыяратчылардын кайсы облустан экени так айтылды: 

  • Баткен облусу - 8 адам;
  • Жалал-Абад облусу - 48 адам;
  • Ош облусу - 63 адам;
  • Чүй облусу – 4 адам;
  • Нарын облусу – 1 адам;
  • Бишкек - 19 адам;
  • Ысык-Көл облусу - 1 адам.
11:43 19.03.2020

Жогорку Кеңештин депутаттары бир айлык маянасын коронавирус менен күрөшүүгө бөлүүнү сунуштап жатат.

Депутат Иса Өмүркулов мындай кырдаалда иштеп жаткан Чек ара кызматынын жана ИИМдин кызматкерлерине, медиктерге кошумча маяна чегерүү керектигин белгиледи.

"Кечээ фракция лидерлери сүйлөштүк эле. Атайын фонд түзүп, өзүбүз баштап бир айлык маянабызды которолу. Муну депутаттар дагы колдойт болушу керек. Ишкерлер дагы салым кошсун. Ошол фонддон кошумча маяна төлөп берсеңер жакшы болмок", — деди Өмүркулов.
Депутат Жыргалбек Турускулов дагы мындай сунушту колдоого чакырып, жеке өзү маянасын берүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарынын орточо маянасы 30 миң сомдун тегерегинде. 120 эл өкүлү 30 миң сомдук айлыгын которсо 3,6 миллион сом болот.

11:22 19.03.2020

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында коронавирус менен күрөшүп жүргөн медиктерге кошумча маяна берүүгө 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, учурда иштеп жаткан дарыгерлер 7-10 миң сомдун тегерегинде гана айлык алат.

"Медиктер азыр оор шартта иштеп жатат. Ар биринде "оорулуу кишилер чыгып калса эмне кылам" деген чочулоо бар. 7-10 миң сом маяна алган медиктерге кошумча акы төлөө үчүн эпидемиологиялык фонддон 30 миллион сом бөлдүк. Өзүлөрү ыраазы боло тургандай маяна чегерип берели деп жатабыз", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы коронавирус жуктурган адамдар менен тыгыз байланышта болгон 144 адамды караган дарыгерлер санитардик норма боюнча үй-бүлөсүнө жолобош керектигин кошумчалады. Андыктан аларды колдоо зарылдыгын айтып, учурда ар бирибиздин тагдырыбыз медиктердин жана өзүбүздүн колубузда экенин белгиледи.

10:11 19.03.2020

“Бүгүнкү сырттан келгендерден 2 жолу анализ алып жатабыз. Буларга байланышы барлар да кошулат. Келгенде жана андан соң 12-13-күнү алып, анан чыгарабыз. Обсервациядагыларла абалына (дене табына) карап, 3 жолу да алынышы мүмкүн. Алар көзөмөлдө болот”, — деди Чолпонбаев.

10:08 19.03.2020

Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус боюнча өлкөдөгү кырдаал тууралуу парламентте маалымат берип жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрүнүн баары чакырылган.

10:05 19.03.2020

Бет каптар боюнча 17-18-мартта аймактарга 600 300 даанасын жибергенбиз. Наркы 10 сом дегенбиз. Кишилер паспорт боюнча үчтөн гана сатып алууга болот. Мындан сырткары, жергиликтүү өндүрүш тиге баштады. Биздин компаниялардын бири келишим түзүп, 500 миң маскага буйуртма берип, акчасын которгон. Менин маалыматым боюнча кечээ 75 миңди алды. Мындан ары күн сайын алып турмакчы. Түштүк аймак да каралган. Бир компания бир нече ирет колдоно турган бет кап тигип жатат. Маскалардын элге жетиши үчүн аракет кылып жатабыз.
Эске салсак, масканы оорунун белгиси бар адамдар кийиши керек.

09:57 19.03.2020

Министр: умрадан келип же кандайдыр бир байланыш болсо ар бир аймактагы оперативдүү штабдарга маалымат берсениздер. Сиздердин кооптуу же коопсуз эместигиңизди такташат. Болгону текшеришет.

09:56 19.03.2020

Министр: умрадан канча киши келерин тактап жатабыз, кечээ бир аз так эмес маалымат кетип калыптыр.

09:54 19.03.2020

Медициналык персонал атайын кийимди вирус аныкталгандан кийин гана киери айтылды. Алардын коопсуздугу каралууда. Ал эми ооруканада шек менен жаткан адамдар башка-башка бөлмөлөрдө кармалат. Бири-бирине кошулбайт.

09:49 19.03.2020

Министр: бул жерден баарыбыз жапа тырмак иштеп, жардам берели. Сабырдуулук кылып чыдап турса болот. Бул утурумдук нерсе. Кытай тартип жана эрежелерди сактоо керектигин көрсөттү.

09:47 19.03.2020

Министр: биз азыр өзгөчө кырдаалда иштеп жатабыз. Түшүнүү менен мамиле кылыш керек.

09:46 19.03.2020

Оштогу ооруканада карантинге алынгандардын шарттары боюнча суроо болду. Министр: коронавирус 17-мартта саат 7лерде белгилүү болду. Ыкчам түрдө элди изоялция кылдык. Алгач, ошондой болду. Азыр шарты жакшы. Бул абдан чон жумуш. Бул маанилүү болучу. Аны аткардык. Эми шарттар жакшыртылды. 

09:40 19.03.2020

Министр: кишини дене табы көтөрүлсө, 103тү чакырат, изилдөөгө алынат, андан соң анализге жөнөтүлөт.

09:38 19.03.2020

Министр: учурда бардык контактыларды тактап жатабыз. Байланышкан адамдарды издеп жатабыз. Бардык мамлекеттик кызматтар тактап берип жатат. Бул жаатта бир топ иш жасалып жатат. Биринчи, экинчи жана үчүнчү байланыштагыларды карап жатабыз. Алардын ооруканага жактырып, анализдерин алып жатабыз.

09:31 19.03.2020

Министр: бейтаптардын дене табы 37,5 градусту көрсөтүп жатат. Жергиликтүү дарыгерлерге бишкектик медиктер кеп-кеңеш берип жатат. Коронавирус аныкталгандардын абалы канааттандырарлык.

09:24 19.03.2020

Министр: Дүйнө жүзү бет каптарды экспорттоону токтоткон. Мында ишкерлерге ыраазчылык билдирүү керек. Алар бет кап чыгарып жатат.

09:20 19.03.2020

Шаржадан келген учактын ичинде кечээ айтылгандай 135 эмес, 144 адам болгон. Анын 142си Кыргызстандын аймагында, баары табылып, анализдери алынган. Эки жүргүнчү Өзбекстанга чыгып кетишкен, алардын турган жери такталууда.

09:19 19.03.2020

Чолпонбаев: дагы үч адамдын дене табы көтөрүлүп жатат, алардын анализдери чыга элек.

09:17 19.03.2020

Саламаттык сактоо министри Космочбек Чолпонбаев акыркы сутканын ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учур катталбаганын билдирди. Бейтаптардын саны кечээгидей эле үчөө. Алар изоляцияга алынып, тиелешүү дарылануудан өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0