Жээнбеков: штабдардын ишин сындап, акыл айтуу баарынан жеңил

Жазылуу
Президент күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырган.

БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Республикалык штабдардын ишин сынга алуу жана акыл-насаат айтуу баарынан жеңил. Бирок азыр эксперттик пикирлерди айтып, өзгөчөлөнүү менен алектенүүнүн маалы эмес. Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Бул туурасында президент Жээнбеков өлкө аймагына коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абалды талкуулаган жайында айтты.

Кечээ президент Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен абалды сүйлөшкөн.

"Кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат. Медицина кызматкерлеринин чоң армиясы өлкөгө бул инфекциянын киришине жол бербөөнүн үстүндө катуу эмгектеништи. Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана илдетти алдын алуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Биз мындай иш-аракеттерди көргөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары дагы чыдамдуулукту каалайбыз. Ошентсе да кемчиликтер бар, аларды жоюу боюнча иш алып барылышы керек", — деген Жээнбеков.

Президент күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырган.

Бала бакчада ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам бала бакчалар убактылуу жабылды
"Республикалык штабдардын ишин сынга алуу жана акыл-насаат айтуу баарынан жеңил. Бирок азыр эксперттик пикирлерди айтып, өзгөчөлөнүү менен алектенүүнүн маалы эмес. Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар экономикалык чөйрөдө кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүү менен байып кетүүнү көздөгөн чайкоочуларга бөгөт коюу боюнча жигердүү чараларды көрүштү. Эми эң башкысы — саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам", — деген Жээнбеков.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч учур катталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр алар облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин түз алып берүүсүнөн биле аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0