Ош: карантиндегилер арыздангандан кийин шарты жакшы жайга которулду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарында умрадан келген жарандар толук шарты бар обсервация жайларына которулду
Ош шаарында умрадан келген жарандар толук шарты бар обсервация жайларына которулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэри видео тарап кеткенден кийин тиешелүү жетекчилерге карантиндеги жарандардын шартын жакшыртуу тапшырмасын берген.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ош шаарында кичи ажылыктан келген жарандар толук шарты бар обсервация жайларына которулду. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарында кичи ажылыктан келген жарандар толук шарты бар обсервация жайларына которулду
Ош: карантиндегилер арыздангандан кийин шарты жакшы жайга которулду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында кичи ажылыктан келген жарандар толук шарты бар обсервация жайларына которулду

Буга чейин социалдык тармактарда умрадан келгендерди шарты өтө начар жерге жаткырып койгондугу туурасында видео тарап жаткан. Анда суук, кир, ажатканалары таза эмес бөлмөгө киргизип койгону айтылган.

"Ош шаарынын №7 поликлиникасына жаткырылган жарандар карантинде кармоо шарттарына арызданышкандан кийин бардык зарыл шарттар түзүлгөн башка обсервация жайларына жаткырылды. Аларга тынымсыз кам көрүлүп, күнүнө төрт жолу медициналык бет каптар жана антисептикалык каражаттар менен камсыз болушат. Жугуштуу оорулар дарыгери, медайым жана санитарлар тынымсыз карап турушат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ыкчам карантинге алууда даярдалган обсервация жайларына жаткырылган эле. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов видео тарап кеткенден кийин тиешелүү жетекчилерге ар бир жаткырылган жаранга кайдыгер карабоо тапшырмасын берип, жагдай өз көзөмөлүндө болорун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0