Кыргызстандан Россияга учкан каттамдар токтотулду. Дагы башка рейстердин тизмеси

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба майдан билеттерди кайтаруу жана кайрадан алуу же башка суроолор боюнча авиакассалар менен авиакомпанияларга кайрылуу керектигин билдирди.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Дүйнө боюнча коронавирус тарап жаткандыгына байланышуу "Манас" аба майданы бир катар авиакомпаниялардын рейстерин убактылуу токтотуп жатканын билдирди.

Анын ичинде Кыргызстандан Россияга да каттамдар токтотулган. Буга чейин РФ чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизген болчу.

Маалыматка ылайык, учурда коронавирусту жайылтпоо үчүн башка дагы өлкөлөрдүн эл аралык аэропорттору ушундай жолду тандап жатат.

"Манас" аэропорту токтоткон каттамдар:

  • Авиакомпания: "Түштүк Кытай аба жолдору" (China Southern Airlines, өлкөсү Кытай). Маршрут: Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү;
  • Авиакомпания: "Вареш Эйрлайнс" (Varesh Airlines, өлкөсү Иран). Маршрут: Тегеран — Душанбе — Бишкек — Тегеран;
  • Авиакомпания: "Флай Дубай" (Fly Dubai, өлкөсү БАЭ). Маршрут: Дубай — Бишкек — Дубай;
  • Авиакомпания: "Эйр Арабия"" (Air Arabia, өлкөсү БАЭ). Маршрут: Шарджа — Бишкек — Шарджа;
  • Авиакомпания: "Эйр Астана" (Air Astana, өлкөсү Казакстан). Маршрут: Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан жана Алматы — Бишкек — Алматы;
  • Авиакомпания: "Өзбек аба жолдору" (Uzbekistan Airways, өлкөсү Өзбекстан). Маршрут: Ташкент — Бишкек — Ташкент;
  • Авиакомпания: "Азимут" (Azimut, өлкөсү Россия), Маршрут: Ростов-на-Дону — Бишкек — Ростов-на-Дону;
  • Авиакомпания: "Урал аба жолодру" (Ural Airlines, страна — Россия). Маршруттар: Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург, Москва — Бишкек — Москва (аэропорт Домодедово), Москва — Бишкек — Москва (Жуковский аэропорту).
  • Авиакомпания: "Авиа Траффик Компани" (Avia Traffic, өлкөсү Кыргызстан). Маршруттар: Бишкек — Дели — Бишкек, Бишкек — Стамбул — Бишкек, Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек, Бишкек — Москва — Бишкек, Бишкек — Новосибирск — Бишкек, Бишкек — Воронеж — Бишкек, Бишкек – Грозный – Бишкек, Бишкек — Сургут — Бишкек, Бишкек — Иркутск — Бишкек, Бишкек — Казань — Бишкек, Бишкек — Краснодар — Бишкек.
  • Авиакомпания: Jazeera Airways (өлкөсү Кувейт). Маршрут: Эль-Кувейт — Ош — Эль-Кувейт;
  • Авиакомпания "Урал аба жолдору" (өлкөсү Россия). Маршруттар: Нижневартовск — Ош — Нижневартовск, Красноярск — Ош — Красноярск, Санкт Петербург — Ош — Санкт Петербург;
  • Авиакомпания: "Авиа Траффик Компани" (Avia Traffic, өлкө Кыргызстан). Маршрут: Новосибирск — Ош — Новосибирск;
  • Авиакомпания: "Тез Жет" (өлкөсү Кыргызстан). Маршрут: Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек.

Жогорудагы каттамдар канча убакытка токтогону тууралуу кененирээк "Манас" эл аралык аба майдандын сайтынан кенен таанышууга болот.

Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов посетил международный аэропорт «Манас» - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус Кыргызстанга жетти. Учурда өлкөдө абал кандай
Ошондой эле аба майдан билеттерди кайтаруу жана кайрадан алуу же башка суроолор боюнча авиакассалар менен авиакомпанияларга кайрылуу керектигин билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда кечээ, 18-мартта, коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген.

Сузак районуна болсо өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан биле аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0