Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Абылгазиев: кызыл кулактар 3,5 млн. бет капты үч күндө жок кылышты

188
(жаңыланган 11:02 19.03.2020)
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус боюнча өлкөдөгү кырдаал тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 3,5 миллион бет кап үч күндүн ичинде тарап кетти. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү кээ бир ишкерлер бет кап маселесин чечүүгө жардам берип, өздөрү тигүүгө өттү.

"Күнүгө 70 миңдей бет кап чыгарып, дарыканаларга таркатыла баштады. Оору эң биринчи чыгып жатканда бизде 3,5 миллион бет кап бар болчу. Бирок аны үч күндө жок кылышты. Кээ бири кызыл кулактык кылып, миллиондоп алып коюп башка мамлекетке чыгарабыз же кымбаттаганда сатабыз деген иш-аракеттер болду. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы анын 1,5 миллионун таап чыкты. Баары эле "элдин түйшүгүн чогуу көтөрөйүн" дебейт экен, арабыздан аксагы чыгып жатат. Дары-дармек, унду кымбаттатып, жада калса беш сомдук бет капты 50 сомго чейин көтөрүштү", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал кызыл кулактар менен күрөшүү иштери катуу жүрүп жатканын белгиледи.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус боюнча өлкөдөгү кырдаал тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

188
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, бет кап, өкмөт
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (501)
Тема боюнча
Коронавируска дагы үч адам шектелүүдө
ЖК депутаттарынын ар биринин столуна антисептик коюлду. Сүрөт
Коронавирустан улам эл каттоонун кайсы учурга жылганы белгилүү болду