Медицина кызматкерлери Манас аэропортунда шектүүлөрдү текшерүүдө. Архивдик сүрөт

Коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктерге кошумча акы төлөнөт

810
(жаңыланган 11:16 19.03.2020)
Өкмөт башчынын айтымында, учурда иштеп жаткан дарыгерлер 7-10 миң сомдун тегерегинде гана маяна алат.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында коронавирус менен күрөшүп жүргөн медиктерге кошумча маяна берүүгө 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, учурда иштеп жаткан дарыгерлер 7-10 миң сомдун тегерегинде гана айлык алат.

"Медиктер азыр оор шартта иштеп жатат. Ар биринде "оорулуу кишилер чыгып калса эмне кылам" деген чочулоо бар. 7-10 миң сом маяна алган медиктерге кошумча акы төлөө үчүн эпидемиологиялык фонддон 30 миллион сом бөлдүк. Өзүлөрү ыраазы боло тургандай маяна чегерип берели деп жатабыз", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы коронавирус жуктурган адамдар менен тыгыз байланышта болгон 144 адамды караган дарыгерлер санитардик норма боюнча үй-бүлөсүнө жолобош керектигин кошумчалады. Андыктан аларды колдоо зарылдыгын айтып, учурда ар бирибиздин тагдырыбыз медиктердин жана өзүбүздүн колубузда экенин белгиледи.

810
Белгилер:
доктор, кошумча акы, маяна, өкмөт
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (500)
Тема боюнча
Кытай медиктери коронавирусту кайсы дары жакшы дарылай турганын айтышты
Өкмөт коронавирус боюнча ЖКда маалымат берди. Видео
Жазага тартабыз! УКМК жалган маалымат жайылткандарга эскертүү берди
Абылгазиев: кызыл кулактар 3,5 млн. бет капты үч күндө жок кылышты