Депутаттар бир айлык маянасын коронавирус менен күрөшүүгө бөлүүнү сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары орто эсеп менен айына 30 миң сомдун тегерегинде маяна ала турганын айтышты.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бир айлык маянасын коронавирус менен күрөшүүгө бөлүүнү сунуштап жатат.

Депутат Иса Өмүркулов мындай кырдаалда иштеп жаткан Чек ара кызматынын жана ИИМдин кызматкерлерине, медиктерге кошумча маяна чегерүү керектигин белгиледи.

"Кечээ фракция лидерлери сүйлөштүк эле. Атайын фонд түзүп, өзүбүз баштап бир айлык маянабызды которолу. Муну депутаттар дагы колдойт болушу керек. Ишкерлер дагы салым кошсун. Ошол фонддон кошумча маяна төлөп берсеңер жакшы болмок", — деди Өмүркулов.

Депутат Жыргалбек Турускулов дагы мындай сунушту колдоого чакырып, жеке өзү маянасын берүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарынын орточо маянасы 30 миң сомдун тегерегинде. 120 эл өкүлү 30 миң сомдук айлыгын которсо 3,6 миллион сом болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0