Коронавирус жуктургандар ким менен байланышта болгону эртең белгилүү болот

© REUTERS / ALY SONGСитуация в Китае в связи с коронавирусом
Ситуация в Китае в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиядан келген үч кыргызстандык коронавирус жугузуп алган. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жатышат.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Эртең мамлекеттик органдар коронавирус жуктургандар Кыргызстанда кимдер менен байланышта болгонун айтарын брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Сузакта вирус жуктурган үч киши аныкталганына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Алар Сауд Аравиядагы кичи ажылыктан келишкен. Учурда абалдары канааттандырарлык. Рейсте жалпы жонунан 144 киши болсо, анын экөө Өзбекстанга кеткен.

Чолпонбаевдин айтымында, коронавирус жуктурган жүргүнчүлөр кимдер менен байланышта болгону териштирилип жатат.

"Үч киши менен жакындашкандарды табууга мамлекеттик органдар, анын ичинде укук коргоо органдары тартылган. Статистика абдан көп, чоң иш жүрүп жатат. Эртең толук маалымат беребиз деп ойлойм", — деди министр.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан биле аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0