Билим берүү жана илим министрлиги. Архив

Коронавирустан улам Билим берүү министрлиги кайрылууларды онлайн кабыл алат

88
(жаңыланган 13:16 19.03.2020)
Арыз же кайрылуулар министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн электрондук дарегине келип түшөт. Алар өз кезегинде адистер мыйзамда каралган мөөнөттө катка жооп берүүгө милдеттүү экенин айтышты.

БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги арыз-кайрылууларды онлайн кабыл алууга өттү. Бул коронавирустун жайылуу коркунучун алдын алуу жана жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо максатында жасалып жатканын алардын маалымат кызматы билдирди.

"Мындан ары жарандар кайрылууларын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан порталы аркылуу онлайн калтырса болот. Ал үчүн жарандар http://kat.edu.gov.kg порталына кирип, министрликтеги тийиштүү бөлүмдү тандап, керектүү бөлүкчөлөрдү толтуруп, билдирүүнү электрондук түрдө жибериши керек", — деп айтылат маалыматта.

Арыз же кайрылуулар министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн электрондук дарегине келип түшөт. Алар өз кезегинде адистер мыйзамда каралган мөөнөттө катка жооп берүүгө милдеттүү экенин айтышты.

Аны менен бирге министрлик жарандарга үй шартында эле кайрылууларын калтырууну сунуштайт.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияда турат. Алардан башка 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.

88
Белгилер:
кайрылуу, онлайн, коронавирус, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1552)
Тема боюнча
Жогорку Кеңештин депутаты коронавирус менен күрөшүүгө 1 млн. сом берерин айтты
Кредит алгандардын карызы өспөйт! Улуттук банктын жаңы токтому чыкты
Кишенделген адам. Архив

УКМК: Жапаров, Ташиев менен тааныштыгын айтып кызмат саткан алдамчы кармалды

18
(жаңыланган 00:44 05.03.2021)
Комитет кармалган шектүү 15 миң долларга мамлекеттик кызматтан жетекчилик орунга дайындоону убада кылганын белгилөөдө.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.

“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду.

УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө болгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.

18
Белгилер:
кармоо, шектүү, алдамчылык, УКМК
Тема боюнча
Кыргызстандыктарды миллиондогон сомго алдап кеткен киши Алматыдан кармалды
Айып короодогу 20 унааны каттайм деп 170 миң сом алып из жашырган. Шектүүнүн сүрөтү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. Архив

Кыргызстандын канайымы эл алдына чыкты. Сүрөт

106
(жаңыланган 22:45 04.03.2021)
Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулукка чыккан. Социалдык тармактарга анын реабилитациялык борборго баргандагы сүрөтү жарыяланды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от wheelchair dance group (@tumar_show_group)

Анда Жапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек бергени айтылат.

Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулук алдына чыккан.

Канайым тууралуу кенен маалыматты Sputnik топтогон фактылардан окусаңыз болот.

106
Белгилер:
Айгүл Жапарова, биринчи айым
Тема боюнча
Шайлоого катышкан. Канайым Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактылар
"Биринчи айым болуу баарына буюрбайт". Садыр Жапаровдун жубайы тууралуу 7 факты