Шашылыш билдирүү! Күн ысып, тоолуу аймактарга көчкү түшөт

© AFP / ALEXANDER KLEINСнежные и лавинные ограждения в горах Австрии
Снежные и лавинные ограждения в горах Австрии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирде жаан жаап, бирде ысып аба ырайы өзгөрүп турат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 19-марттан 23-мартка чейинки аралыкта күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу аймактарга кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Джети-Огуз капчыгайы . Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш ысык болобу? Апрель айына карата аба ырайы
Бишкек — Ош жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман — Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Коо ашуусу) көчкү түшүү коркунучу бар.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0