Бишкек мэриясы шаардыктардан көрүстөндөргө барбай турууну өтүнөт

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDКоммуналдык мүрзө. Архив
Коммуналдык мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус боюнча түзүлгөн абалды эске салуу менен мэрия шаар тургундарын колдон келишинче үйдөн чыкпай, жеке гигиенаны сактоого чакырды.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык аза күтүү агенттиги шаар тургундарын көрүстөндөргө убактылуу барбай турууну сунуштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл сайын айрым бишкектиктер "корей пасхасын" (диний майрам) белгилешет. Бул учурда көпчүлүк көзү өткөн туугандарын эскерүү үчүн көрүстөндөргө барышат. Бул жылы майрам 5-апрелге туш келген.

Өлкөдө коронавирус боюнча түзүлгөн абалды эске салуу менен мэрия шаар тургундарын колдон келишинче үйдөн чыкпай, жеке гигиенаны сактоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0