Кыргызстанда түгөйлөр үйлөнгөн жерге барып нике каттоо токтотулду

Жазылуу
Өкмөттүн токтомунун негизинде Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды айрым бир суроо-өтүнүчтөрү боюнча тейлебей турган болду.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан улам үйлөнүп жаткандарга барып никесин каттоо убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мурда алдын ала буюртма болсо ЗАГС кызматкери үлпөт боло турган жерге (ресторан же үй) барып, жаштардын никесин акчага каттап кетчү.

Эми өкмөттүн жаңы чыккан токтомунан улам мындай кызмат көрсөтүлбөй калды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан учурда үйлөнүп жаткан беш түгөй мындай жөрөлгөдөн баш тартканын кабарлады.

Ведомстводон 1-марттан тарта Бакыт өргөсүндө 196 түгөйдүн никеси каттала тургандыгын билдиришти. Алардын 87си салтанаттуу, ал эми алтоо жөнөкөй шартта жасалары айтылды.

Коронавирус жана Кыргызстан

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Билим берүү жана илим министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам Билим берүү министрлиги кайрылууларды онлайн кабыл алат
Ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияда турат. Алардан башка 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0