Кыргызстанда окуучуларга арналган видеосабактар теледен көрсөтүлүп баштайт

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүТелевизор. Архив
Телевизор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска байланыштуу мектептер үч жумага карантинге жабылган. Министрлик каалоочулар үчүн үйдөн отуруп билим алуунун жолдорун айтып берди.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Узак убакыт каникулда жүргөн окуучулар үчүн видеосабактар даярдалып жатканын Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мультимедиалык сабактарды даярдоого "Креатив-Таалим" билим берүү комплекси, № 5 компьютердик гимназиясы жана башка билим берүү мекемелеринин педагогдору тартылган. Видеосабактар бүгүн, 19-марттан тарта, "Билим илим" (ЭлТР) телеканалы аркылуу көрсөтүлүп баштайт.

"Кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдериндеги окуу китептери менен ар кандай темадагы 400 китеп www.lib.kg электрондук ресурсуна жайгаштырылды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик окуучуларга мекеме тарабынан иштелип чыккан iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана "Билим булагы" мультимедиалык комплекстерин колдонууну сунуштайт.

Эске салсак, дүйнөдө тарап жаткан коронавирустан улам Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0