Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүСанитарная обработка общественного транспорта в Санкт-Петербурге
Санитарная обработка общественного транспорта в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, топтолгон каражат Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшалып турат.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында коронавирустун жайылышын жана келишин алдын алуу максатында атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Эсепке чет элдик валюталар түшөт.

"Чогулган акча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшалат", — дешти министрликтен.

Эсептин номери: 4402011000101373

Коронавирус жана Кыргызстан

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Специализированный Центр реабилитации детей и семьи (Дом ребенка) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү менчик бала бакчалар дагы иштебей турган болду
Ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияда турат. Алардан башка 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0