ЖК депутаты Мирлан Бакиров . Архив

Пенсионер, жакыр жашагандарга жардам берели! Вице-спикер жаштарга кайрылды

217
(жаңыланган 19:35 19.03.2020)
Вице-спикер өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу азыркы тапта улгайган адамдар менен жашоо шарты начар бүлөлөр колдоого муктаж болуп турганын баса белгилеген.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров активдүү жаштарды, ишкерлерди жана кайрымдуулук фонддорду пенсионерлер менен жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Вице-спикер өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу азыркы тапта улгайган адамдар менен жашоо шарты начар бүлөлөр колдоого муктаж болуп турганын баса белгилеген.

"Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында сунуштар, сын-пикирлер арбын болду. Бирок менин жеке баамында тилсиз, көзгө көрүнбөгөн илдеттин алдында эң алсыз адамдар калды. Алар 650 миңден ашык пенсионер жана социалдык колдоого муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөр. Шартынын жоктугунан иммунитети төмөн жана көбүрөөк тобокелдикке дуушар болот экен. Андыктан, урматтуу мекендештер, активдүү жаштар, ишкерлер жана кайрымдуулук фонддор, мүмкүнчүлүктүн болушунча жогоруда белгиленген коомдун өкүлдөрүн моралдык жана материалдык колдоого чакырам. "Оорун колдон, жеңилин жерден алып" коомдук жайларда болтурбоого шарт түзүүгө аракет кылсак деген ойдомун!" — деп жазган Бакиров.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган, 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

217
Белгилер:
коронавирус, кайрылуу, вице-спикер, Мирлан Бакиров
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2433)
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылды
Нарында коронавирус боюнча жалган кабар тараткандар кармалды. Сүрөт
Бышырылган жумуртка. Архив

Адис: жумуртка диабеттен жабыркагандар үчүн пайдалуу тамак

6
Дарыгерлер жумурткадан жасалган эртең мененки тамак адамды узак убакытка ток кармап, денедеги майдын азайышына өбөлгө болорун белгилешет.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жумуртка экинчи типтеги диабет менен жабыркагандар үчүн пайдалуу азык. Бул тууралуу РИА Новости Америкалык диабет ассоциациясына шилтеме берип жазды.

Адистер тооктун бир жумурткасында бир граммга жетпеген углевод жана жети граммга жакын белок бар экендигин айтышат. Мындан сырткары, жумуртка нервди жана булчуңдарды чыңдап, жүрөк-кан тамыр системасын жакшыртуучу калийдин булагы экендигин белгилешет.

"Жумуртканы ачкарын такай жеп туруу экинчи типтеги диабет менен жабыркаган адамдардын канындагы глюкозанын деңгээлин жакшыртууга мүмкүн экенин изилдөөлөр көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлер жумурткадан жасалган эртең мененки тамак адамды узак убакытка ток кармап, ашыкча тамак жеп алуудан сактап, денедеги майдын азайышына өбөлгө болорун белгилешет.

6
Белгилер:
жумуртка, кеңеш, диабет, диета, ден соолук
Тема боюнча
Кант диабети менен ооругандар арзандатылган тесттерди сатып алса болот
Немец диетологдору ачкарын жегенге болбой турган азыктарды атады
Акча сунуп жаткан адам. Архив

Спорт агенттиги коррупцияга каршы челлендж өткөрөт

15
Соцтармак колдонуучусу өзүнүн Facebook же Instagram баракчасына #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып бериши шарт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнүнө карата социалдык тармактарда челлендж өткөрөт. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн "биз коррупцияга каршыбыз, токто" деп айта турчу күн келди. Демилге коомдо коррупциялык көрүнүштөргө терс мамилени калыптандыруу максатында көтөрүлдү", — деп айтылат билдирмеде.

Маалым болгондой, бул челленджге бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн соцтармак колдонуучусу өзүнүн Facebook же Instagram баракчасына #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып бериши шарт. Челлендж 10-декабрга чейин уланат.

Агенттик Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен жыл сайын 9-декабрда Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнү белгиленип келерин кошумчалады.

15
Белгилер:
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, социалдык тармак, коррупция
Тема боюнча
Кыялдарды талкалайт! Спорт агенттиги коррупцияга каршы видеоролик чыгарды
Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды