Кыргызстандыктар Москва менен Новосибирскиге жумасына бир жолу бара алат

Жазылуу
Кыргызстанда 20-марттан тарта бардык эл аралык каттамдар токтотулат. Бирок буга жүк ташуулар менен айрым авиарейстердин тиешеси жок экендиги айтылды.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жарандык авиарейстердин бардыгы токтотулуп, үчөө гана иштеп турмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Карыя аял үйдө отурган учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада коронавируска кабылган аял башка оорудан көз жумганы аныкталды
Мындай чечим коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезексиз жыйынында кабыл алынган.

Анда 20-марттан тарта эл аралык каттамдар токтотулары айтылган. Бирок буга жүк ташуулар менен айрым жүргүнчү авиарейстеринин тиешеси жок. Маселен, Москва — Бишкек, Москва — Ош жана Новосибирск — Бишкек каттамдары жумасына бир жолу аткарылып турат.

19-мартта коронавируска байланыштуу "Манас" аба майданы бир катар авиакомпаниялардын рейстерин убактылуу токтотуп жатканын билдирди. Анын ичинде Кыргызстандан Россияга да каттамдар токтотулган. Ага чейин РФ чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0