Ноокатта коронавирус жуктуруп алган үч адамдын ал-абалы айтылды

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевМедициналык кызматкерлер жүргүнчүнү текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкерлер жүргүнчүнү текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, коронавирус аныкталган адамдардын үчөө тең эркек. Алар дагы кичи ажылыктан 12-март күнү келген.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус аныкталган үч адамдын абалы канааттандырарлык, бирок дене табы бирде көтөрүлүп, бирде кайра түшүп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул адамдар Ош облусунун Ноокат районунан, алар да кичи ажылыктан келишкен. Анын айтымында, учурда алар аймактык оорукананын жугушуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда.

"Коронавирус аныкталган үчөө тең эркек адамдар. Алардын абалы канаттандырарлык, бирок дене табы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп жатат. Клиникалык белгилер жок, бирок лабораториялык изилдөөдө тастыкталды", — деп жазылат маалыматта.

Жаңы коронавирус табылган жарандар 12-мартта Сузактын тургундары менен бир учакта келген эмес. Алар түз каттам менен Ошко учкан.

Ооруну жуктурган дагы үчөөнө Бишкек менен Жалал-Абаддын дарыгерлери улам консилиум өткөрүп, бири-бири менен байланышып жатканы айтылды.

Коронавирус Кыргызстанда

ЖК депутаты Мирлан Бакиров . Архив - Sputnik Кыргызстан
Пенсионер, жакыр жашагандарга жардам берели! Вице-спикер жаштарга кайрылды
Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Оору биринчи аныкталгандардын үчөө Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган, 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0