Кыргызстандагы 5 баллдык жер титирөө Алматыда да сезилди. Карта

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAСейсмология борбордун кызматкери. Архив
Сейсмология борбордун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө бүгүн, 20-мартта, саат 6:49да катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги андан жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер силкинүү бүгүн, 20-мартта, саат 6:49да катталган.

Ал Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Кажы-Сай, Туура-Суу айылдарында 5 балл, Төрт-Күл, Темир-Канат, Эшперов, Көк-Сай, Ак-Сай айылдарында 4 балл, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак, Каро-Коо, Бар-Булак айылдарында 3 балл жана Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Казакстандын ЖМКларынын жазышынча, жер титирөө Алматыда да 2 балл болуп сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0