Противогаз кийген адам. Архив

Министр: "үйдү дезинфекциялайбыз" деп келгендерге ишенбегиле!

380
(жаңыланган 11:55 20.03.2020)
Саламаттык сактоо министринин онлайн режиминде өткөн маалымат жыйынында шаардыктардын бири "үйлөргө бет кап кийген адамдар "дезинфекция кылабыз" деп кирип тоноп жатыптыр" деген билдирүү тарап жатканын айткан.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "дарыгерлер шаардыктардын үйүн дезинфекциялоо кылууга барып жатат" деген маалыматты төгүндөдү.

Министр Кыргызстандагы коронавирус кырдаалы боюнча онлайн-режимде жыйын өткөрдү. Анда шаардыктардын бири "үйлөргө бет кап кийгендер дезинфекция кылабыз" деп келип, уйкунун дарысын сээп, үйлөрдү тоноп жатыптыр. Бул чынбы?" деген суроо узаткан.

Министрдин айтымында, мындай адамдарды эч качан үйгө киргизбөө керек.

"Үй тазалайбыз" деген беткапчандарды киргизбеш керек. Биздин дарыгерлер үйлөрдү дезинфекциялоого чыккан жок. Эгер зарыл болсо, атайын даярдалган дарыгерлер барат. Аларда сөзсүз дарыгер экенин далилдеген документи болот. Азыркы учурда биздин медициналык кызматкерлердин атайын жөнөтүлгөн дарыгер экенин көрсөтүш үчүн жаңы механизм иштеп жатабыз. Учурдан пайдаланып жоопкерчилиги жок адамдар кылмыш кылууга аракет кылып жатышат. Мындай учур катталса сөзсүз милицияга кайрылгыла", — деди Чолпонбаев.

Мындан сырткары, министр шаардыктарды эгер коронавирустун белгилери байкалса, өз алдынча дары ичип, дарыланбоого чакырды.

Республикалык штаб бир дагы медициналык же башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери үйлөрдү дезинфекциялоого барбаганын айтты.

Кыргызстандагы коронавирус

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Алгачкы үч киши Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Вирус жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган, 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Азыр Сузак менен Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.

380
Белгилер:
уурулук, Космосбек Чолпонбаев, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1615)
Тема боюнча
Дене табы түшүп, көтөрүлүп. Сузактагы коронавирус жуктургандардын абалы
Коронавирустан улам Лондондо талап-тоноочулук башталды. Видео
Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев

Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган

6
(жаңыланган 12:46 07.05.2021)
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев дүйнөдө ар кандай породадагы 200дөн ашуун жылкынын түрү бар экенин билдирди.

Дүйнөдөгү күлүктөр түркмөндөрдүн ахалтекин, англиялык таза кандуу порода жана арабдардын аргымактарынан тараган. Бул тууралуу Кемел Ашыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алар жакынга жана ыраакка чуркай тургандар болуп бөлүнөт.

Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган
"Аттын баары эле катуу чуркай бербейт. Дүйнөдө күлүктүн үч эле породасы бар. Калгандары ошолорго аргындашып чыккан деп эсептелет. Мисалы, Орлов деген көпөс арабдардын аргымагы менен англиялык таза кандуу жылкыны аргындаштырып "орловский рысак" деген породаны чыгарган. Дүйнөдө 200дөн ашык порода бар. Дүйнөдөгү күлүк деп эсептелгендер түркмөндөрдүн ахалтекини, англиялыктардын таза кандуу жылкысы жана арабдардын аргымагы. Ахалтекиндин бир омурткасы ашык болуп койкоюп турат. Ошондой эле англиялык породанын буту узун, жүрөгү эки эсе чоң жана тамырлары жоон болот. Булар жакын аралыкка чуркайт. Ал эми арабдардын аргымактары кумга чуркап жүрүп көнгөн, алардын бакайы кыска болуп, алыска чуркайт. Эң узун аралыкка күлүктөрдү жарыштырган кыргыздар менен казактар. Аламан байге деп 40 чакырымга чейин чапкан учурлар дагы болгон", — деди Ашыралиев.

Саяпкер жылкылардын айрымдары бийик секиргенге, оор жүк ташыганга, желгенге жана жоргологонго ыңгайлашканын кошумчалады.

6
Белгилер:
Кемел Ашыралиев, ахалтекин, күлүк
Тема боюнча
Кадыркулов: "Ак кула" ат майданын реконструкциялоо гана керек
Баткендеги чек ара чырынан качкындар

Чек арада жабыркагандарга компенсацияны кимдер бөлүштүрөт

16
(жаңыланган 12:28 07.05.2021)
Кармышаковдун айтымында, өкмөт 2010-жылкы окуялардан кийин түзүлгөн комиссиянын кетирген каталарын эске алды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга бериле турган компенсацияны бөлүштүрө турган комиссиянын курамына коомчулуктун, жергиликтүү бийлик башкармалыгынын өкүлдөрү жана компетенттүү адамдар кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Министр чек арада жабыркаган жарандарга берилчү компенсация боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда уюштурулган брифингде маалымат берди.

Анын айтымына караганда, өкмөт 2010-жылдагы окуялардан кийин кеткен катачылыктарды эске алган.

"Биз мурдагы комиссиянын катачылыктарын талкуулап, кетирилген мүчүлүштүктөрдү эске алдык. Мен бул жолку компенсация адилеттүү бөлүштүрүлөрүнө 100 пайыз кепилдик берем. Биздин колубузда чек ара чырында жабыркагандардын жана каза болгондордун толук тизмеси бар", — деди Кармышаков.

Министрдин маалыматы боюнча, Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылыштан 190 адам жабыркаган. Анын 36сы курман болуп, дагы 154 киши түрдүү жаракат алган. Ал ошондой эле жапа чеккендерди дарылоого бардык шарт түзүлгөнүн жана керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом, жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берүүнү убадалаган. Компенсация үчүн төлөнө турган каражат республикалык бюджеттен алынат.

16
Белгилер:
Жаңжал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат
Баткендеги чек арада абал тынч, адистер иштеп жатат. Сүрөт