Абылгазиев: Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизүү маселеси бүгүн чечилет

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилген.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизүү же киргизбөө маселеси бүгүн чечилерин билдирди.

Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2019-жылга карата отчетун угуп жатат. Жыйында депутат Алиярбек Абжалиев кеч болуп кала элек өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү керектигин сунуштады.

"Өзгөчө кырдаал киргизүүнүн жобосу боюнча, эки райондо өзгөчө кырдаал болсо облуска киргизилет. Эки облуста өзгөчө кырдаал болсо республикага киргизилет. Кандай формада болорун карайлы. Бүгүн чечебиз", — деп жооп берди Абылгазиев.

Коронавирус Кыргызстанда

Жоокерлер коопсуз костюмчан дезинфекциялоо кылып жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал деген эмне жана анда кандай чектөөлөр бар. Түшүндүрмө
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0