Официант. Архив

Бишкектин ресторандары той өткөрүп жатабы? Эксперимент

501
(жаңыланган 17:43 20.03.2020)
Коронавирустун масcалык түрдө тарап кетишине жол бербөө максатында бийлик иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салып, 50дөн ашык орундуу кафе, ашканаларды жапты.

Ошентсе дагы шаардагы кафелердин көбү эмнеге жабыла элек деген суроо туулат. Көрсө бизнес ээлери куулук кылып имараттагы отургучтардын бир бөлүгүн чыгарып салып, 50 гана орундук калтырып коюшкан экен.

Биз коомдук тамактануучу жайлардын ээлери мындан башка дагы тыюуларды эске алдыбы же жокпу деп текшерип көрүүнү чечтик.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкек шаарындагы 20дай тойканага кайрылып көрдү. Журналист жакынкы эки жумада 80-100дөй конок чакырып үлпөт той өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.

— Саламатсызбы, биз жакынкы эки жуманын ичинде үлпөт той өткөрөлү дедик эле, мүмкүнбү?

— Саламатчылык, тойго канча адамдын келиши күтүлүп жатат?

— Аз эле, 80 адам, бир аз көбүрөөк болуп калышы да ыктымал.

— Биз 45 эле адамды кабыл ала алабыз. Коронавирус коркунучунан улам ушундай чектөө киргизилген. Тойканада 50дөн ашык адам болбошу керек.

— Эмнеге анда 45?

— Официанттар дагы болот да.

Ал эми Түштүк магистралда жайгашкан ресторанга кайрылганыбызда дагы үлпөт той өткөрүү мүмкүн экенин, бирок 50дөн ашык конок кабыл алынбай турганын билдиришти.

Калган 18 тойканадан дагы ушундай эле жоопторду алдык. Анда иштеген администраторлор үстүнө акча кошуп беребиз десек дагы 80-100 конок кабыл алуудан баш тартып коюшту.

Ресторандардын бардыгы менен байланышып бүткөндөн эки саат өткөн соң тойкана ээлеринин бири бизге кайра байланышка чыкты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Саламатсызбы, кызматкерлерим сиздин той өткөрүүнү каалап жатканыңызды билдиришти. Түшүнүп турам, бул сиз үчүн өтө маанилүү маараке. Бирок жакындарыңыз үчүн канчалык кооптуу экенин дагы ойлонуп көрүңүз. Бир, балким эки айдай күтө турарсыз, анан биздин ресторанга келиңиз, сизге арзандатуу жасап беребиз. Азыр той канчалык маанилүү болгону менен... Жакындарыңызды ойлоңуз. Акыл үйрөтүп жатканым үчүн кечирим сурайм. Мунун баары бүтөт, сизди кабыл алууга кубанычта болобуз", — деди тойкана ээси.

Материалдын автору Бишкектеги болгон тойкананын бардыгы менен байланышкан жок. Бирок байланышка чыккандардын бардыгы бийликтин буйругун аткарып жатканын айтышкан.

Мындай кадамга баары эле барбай турганын билип турабыз, эгер эреже бузгандарга күбө болсоңуз, news@sputnik.kg электрондук дарегине кат жолдоп же 996706566544 номериндеги WhatsApp каналыбызга кайрылыңыз.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.

501
Белгилер:
бийлик, той, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2408)
Тема боюнча
Коронавирустун айынан ишсиз калган жарандарга жардам берилет
Бишкекте мончо, сауна, бассейндер жабылат. Тизме уланууда
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

122
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

122
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Бишкек шаары. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

63
26-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…+4 градус болот.

Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болсо, борбор калаада абанын температурасы +3...+5 градуска чейин жетет.

63
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы