Орус-казак чек арасында жүздөн ашык кыргызстандык турат, бир бөлүгү КРге жөнөтүлдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТемир жол вокзалы. Архив
Темир жол вокзалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сагарчын" көзөмөл-өткөрүү жайындагы кыргызстандыктардын бир тобунун ал жерден кетпей турганы маалым болду. ТИМ өкүлдөрү менен кыргыз диаспорасы аларды тамак-аш менен камсыз кылууда.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Россиянын Оренбург аймагынан автоунаа менен чыгып Казакстандын чек арасын жапканына байланыштуу Кыргызстанга кире албай калгандардын ичинен 30 жаран поезд менен келе турган болду. Ал эми бир тобу дагы деле ошол жерде. Бул туурасында ТИМден билдиришти.

Кыргызстандын ардактуу консулу Россия менен Казакстандын чек арасындагы "Сагарчын" көзөмөл-өткөрүү жайындагы элге барып, сүйлөшүү иштерин жүргүзгөн.

Аларга Россия аймагына кайтып, чектөө киргизилген мезгил аягына чыкканга чейин күтүү же авиакаттамдар токтотулбай, жүрүп турган мезгилде учак менен Кыргызстанга кайтуу сунушу киргизилген.

"Темир жол байланышы менен Бишкекке чейин билеттин жарым акчасына КР жарандарын алып кетүү тууралуу келишим түзүлгөн. Күтүп жаткан жарандардын 30га жакыны аталган поездге отуруп кетишкен. Калгандары Кыргызстан менен авиабайланышы бар Россиянын шаарларына авиакаттамдар аркылуу кетүү үчүн багыт алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Открытие движения по Крымскому мосту для грузовиков - Sputnik Кыргызстан
Казакстан менен Өзбекстан транзиттик жүктү гана өткөрүп жатат
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова Оренбург шаарындагы консулдук жана кыргыз диаспорасынын күчү менен аталган жердеги жарандарга тамак-аш жана алар менен иш алып баруу боюнча нөөмөт уюштурулуп жатканын билдирди.

"Жеринде КРдин Россиядагы элчилигинин консулу жана Оренбург шаарындагы КРдин ардактуу консулу иштеп жатат. 2020-жылдын 19-мартындагы маалымат боюнча, ал жерде 157 кыргызстандык бар. Аларга келип кошулгандар да болууда", — деди ал.

"Сагарчын" көзөмөл-өткөрүү жайындагы кыргызстандыктардын учурда ал жерден кетпей турганы маалым болду.

"Азырынча алар ошол жерде, чек ара ачылып калабы деп күтүп жаткандыктарын айтышты", — деп кошумчалады Байымбетова.

Эске салсак, 16-марттан тарта Казакстан коронавирус кооптуулугунан улам өзүнүн аймагына чет өлкө жарандарынын киришине убактылуу тыюу салган. Ал эми Россия мындай чектөөнү 18-мартта киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0