Коронавирус жуктурган 6 кишинин абалы менен карантиндегилердин саны айтылды

© REUTERS / KYODOАэропорттогу медициналык маскачан жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу медициналык маскачан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашаган жери боюнча 14 күндүк көзөмөлдөн 1309 адам чыгарылды. Карантиндегилердин абалы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Коронавирус жуктуруп алган алты адам стационардык дарыланууда, абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, обсервацияга алынгандардын саны – 410. Ал эми жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлдө тургандар — 1251. Бардыгынын тең абалы канааттандырарлык. Мындан сырткары, жашаган жери боюнча 14 күндүк көзөмөлдөн 1309 адам чыгарылды.

  • Кыргызстанга келген жарандарды обсервациялоого жана жаткырууга Саламаттык сактоо министрлиги менен ӨКМ тарабынан 2290 орун даярдалды;
  • Дарылануучу мекемелерге жаткырууга – 504;
  • Дарылануучу мекемелерге обсервациялоого - 160;
  • "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекетинде – 170;
  • "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү бекетинде – 100;
  • "Манас" эл аралык аэропортунда – 803;
  • Ош шаарындагы "Барчын" медициналык борборунда – 70;
  • "Ош" эл аралык аэропортунда – 40;
  • Ош шаарындагы Аскер госпиталында – 70;
  • "Беш-Күнгөй" аскер госпиталында – 75;
  • "Ак-Кеме" мейманканасында – 298 орун даярдалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0