Ноокат районунун 35 жерине блокпост коюлду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСитуация в городе Ош
Ситуация в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББ кызматкерлери Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнөн чыгып бара жаткан айдоочуларды кайра артка кетирип жатышканы маалым болду.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Оштун Ноокат районунда 35 жерге блокпост коюлду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эми аймакта 24 саат бою тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Милиция жергиликтүү тургундарга да кайрылган.

"Урматтуу, Ноокат районунун тургундары жана коноктору. Блокпосттогу милдеттерин аткарып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлерине түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз", — дешкен тартип сакчылар.

Операция правоохранительных органов Киргизии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Элди таратып, дүкөндөр жабылууда. Ноокат районундагы абалдын видеосу
Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө коюлган блокпостто милиция кызматкерлери айылга кирип келе жаткан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айыл өкмөттөн чыкпоо керектигин айтып жатышат. ЖКККБнын кызматкерлери айыл өкмөттөн чыгып бара жаткан айдоочуларды кайра артка кетирип жатышканы маалым болду.

Бүгүн, 20-мартта, кичи ажылыкка барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылган. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ноокат районуна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунан үч адамдан коронавирус аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0