Өзгөчө кырдаал деген эмне жана андагы укуктар менен милдеттер. Түшүндүрмө

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республиканын аскерлери блокпост жанында турат. Архивное фото
Кыргыз Республиканын аскерлери блокпост жанында турат. Архивное фото  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус илдетинен улам өзгөчө кырдаал режими киргизилиши мүмкүн. Учурда мындай тартип өлкөнүн түштүк аймагындагы эки райондо иштеп жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизүү же киргизбөө маселеси бүгүн чечилерин билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаал эмнеси менен айырмаланарын билип көрдү. Материал үчүн КРдин «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамы пайдаланылды.

Учурда коронавируска байланышуу Жалал-Абаддын Сузак району менен Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланып, чектөөлөр киргизилген.

Өзгөчө кырдаал деген эмне?

Өзгөчө кырдаал — республиканын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, алардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.

Жарандык коргонуу — өзгөчө кырдаал убагында коркунучтарды болтурбоону камсыз кылуучу жалпы мамлекеттик иш-чаралар системасы.

Башкаруу органы

Жарандык коргонуунун республикалык деңгээлдеги жетекчиси — КРдин премьер-министри болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз аймактарында башчы болушат. Объектилик деңгээлде менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин жетекчилери дайындалат.

Өлкө башчынын укуктары

Президент жарандык коргонуунун башка маселелерин Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизип, чечимин бекитет. Зарылчылыкка жараша Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

Жогорку Кеңештин укуктары

Өзгөчө кырдаал жаатындагы мыйзамдардын ишке ашышына, жөнгө салынышына көмөктөшөт. Жарандык коргонуу тармагындагы иштерди каржылоого бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын бекитет. Парламенттик угууларды өткөрөт.

Өкмөттүн укуктары

Өзгөчө кырдаал жаатында өкмөттүн ыйгарым укуктары оголе көп. Негизинен бирдиктүү саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат, ченемдик укуктук актыларды чыгарат, финансылык жана материалдык резервдерди түзөт, каржылоо маселелерин чечет.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдар, мекемелердин жана уюмдардын бир катар укуктары бекитилген.

Жарандардын укуктары жана милдеттери

Жаран төмөнкүлөргө укуктуу:

  • өзгөчө кырдаалда өз өмүрүн, ден соолугун жана жеке мүлкүн сактоого;
  • өзгөчө кырдаалдар зонасында жүргөн учурда акысыз медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;
  • жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуунун иштерин аткаруу үчүн арналган башка мүлктөрүн пайдаланууга;
  • ыктыярчы болууга;
  • өзгөчө кырдаал зонасында иштегени үчүн компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга укук берилет.

Төмөнкүлөргө милдетүү:

  • өзгөчө кырдаал жаатында мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;
  • коопсуздук чараларын сактоого;
  • өзгөчө кырдаалдар коркунучу чыкканда жана ал пайда болгондо өзүн алып жүрүүнүн белгиленген эрежелерин аткарууга;
  • мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюшуна көмөк көрсөтүүгө.

ӨК режимин бузгандар жоопкерчиликке тартылабы?

КРдин кызмат адамдары жана жарандар жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди аткарбаса өлкө мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Ошондой эле Sputnik Кыргызстан агенттиги өзгөчө абал качан жана ким тарабынан киргизиле турганына, бул учурда биздин кайсы укуктар чектелерине кызыгып, башка суроолорго да жооп издеген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0