Той бергендерди көрсөңөр чалгыла! Мыйзам бузгандар 300 миң сомго чейин айып төлөйт

© SputnikТТООРРТТ
ТТООРРТТ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өлкөдөгү ресторандарда үй-бүлөлүк, жамааттык мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынган. Эгер бул тыюуну бузгандар болсо, алар Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык жазага тартылат.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Республикалык штаб коронавирустун жайылып кетпешин алдын алуу максатында ресторан, кафе жана оюн-зоок борборлорунда чогулган адамдарды көргөндөр болсо байланышка чыгууну суранды.

Буга чейин өлкөдөгү ресторандарда үй-бүлөлүк, жамааттык мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынган. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жана ички иштер органдарына бул тыюуну тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин айткан.

"Эгер сиз коомдук жайлардан 50дөн ашык адамдын чогулганын көрүп калсаңыз, ошол жайлардын аталыштарын жана даректерин сүрөт, видео түрүндө ИИМдин (0701) 02-70-25 WhatsApp номерине жөнөтүңүз же (0312) 66-36-18 байланыш номерине кайрылыңыз", – деп жазылат маалыматта.

Официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин ресторандары той өткөрүп жатабы? Эксперимент
Штаб бардык көрсөтүлгөн тыюулар сакталышы керектигин, эреже бузгандарга катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Эгер эрежеге баш ийбегендер болсо, алар Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, байкабастыктан массалык ооруларга, адамдарды уулантууга же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келген делип VI категориядагы айып салынат. Мындан сырткары, белгилүү бир кызматты ээлөө же эки жылга чейин белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылышы мүмкүн. 

Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесине ылайык VI категориядагы айыптын көлөмү жашы жете электер үчүн – 120 миңден 140 миңге чейин, жеке жактар үчүн 260 миңден 300 миңге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0