Депутаттар Жогорку Кеңешке келбей койгон аткаминерлерди жазалоону сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековГид по Бишкеку: здание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики
Гид по Бишкеку: здание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн көзөмөлдөө үчүн өздөрүнө көбүрөөк ыйгарым укук бергени жатышат. Алар өлкөнүн өкмөтү тууралуу Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландашууда.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш өкмөттү көзөмөлдөө үчүн жаңы механизмдерди киргизүүнү сунуштап жатат.

"КР өкмөтү тууралуу" Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын демилгечилери депутаттар Мирлан Жээнчороев, Наталья Никитенко, Жаныбек Бакчиев жана Динара Исаева.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар бир айлык маянасын коронавирус менен күрөшүүгө бөлүүнү сунуштады
Мыйзам долбоорунда эл өкүлдөрү өкмөт мүчөлөрү комитеттердин, комиссия же парламенттин жыйынында жалган, туура эмес маалымат берсе, катуу жазаланары, алтургай кызматтан алынары мүмкүн экени жазылган. Жогорку Кеңешке себеби жок келбей койгондор да ушундай түрдө жазаланары документте белгиленген.

Белгилей кетсек, Конституцияга ылайык, өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын Жогорку Кеңеш бекитип берет. Мындан сырткары, аткаруу бийлигине ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө чечимин да парламент кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0