Аял медицинаылк бет капчан жолдон дезинфекциялоо учурунда өтүп жатат. Архив

Ноокатта коронавирус жуктурган аялдын кызы текшерилбей Чүйгө качып келген

3120
(жаңыланган 11:03 21.03.2020)
Кечээ, 20-мартта, Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген ноокаттык үч аялдан COVID-19 табылганы маалым болгон.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кечээ Ноокатта коронавирус аныкталган аялдын кызы медициналык кароодон өтпөй Чүйгө качып келген. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, 20-март күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун эки айылынан үч аял COVID-19 жуктурганы аныкталган.

“Өзүнүн ата-энеси ооруп жатса, ал түзмө-түз катнашта болгон деп эсептелет. Ноокатта вирус жуктургандардын биринин кызы түндө такси менен качып Чүйгө келиптир. Аны укук коргоо органдарынын жардамы менен издеп таптык. Учурда Чүйдөгү туугандары менен кошо карантинге жаткырдык”, — деди Исаков.

Ошондой эле ал вирус аныкталгандар менен байланышкан адамдарды таап гана чектелбестен, алар дагы кимдер менен байланышта болгону аныкталып жатканын айтты.

Буга чейин вирус табылган Сузак районунун тургуну 1630 адам, Ноокат районундагылар 700 киши менен байланышканы белгилүү болгон. Буга байланыштуу райондордо бир айылдан экинчи айылга чыгууга чек коюлган.

Соңунда Исаков вирус тазалыкты сактоо коронавируска каршы күрөшүүдө башкы каражат экенин кошумчалады.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилген.

3120
Белгилер:
качуу, кыз, коронавирус, Ноокат, Сузак району
Рейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив

Германия Кыргызстандын карызын кечет, бирок бир шарты бар 

189
(жаңыланган 00:11 27.01.2021)
Өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия макулдугун берди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.

Руководитель Управления государственным долгом при Министерстве финансов Руслан Татиков во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.

Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.

189
Белгилер:
Руслан Татиков, Тышкы карыз, Германия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп
Каракол шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына берилген Toyota Land Cruiser Prado

Ысык-Көл: медиктерге берилген жолтандабас президенттин иш башкармалыгында жүрөт 

122
(жаңыланган 22:57 26.01.2021)
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.

Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.

Ал эми президенттин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын тактап берүүнү убадалашты.

Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.

122
Белгилер:
белек, автоунаа, Каракол
Тема боюнча
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты