Бишкекте кыз ала качты деп 28 жаштагы жигит кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКармалган киши наручник менен турган учурда. Архив
Кармалган киши наручник менен турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз ала качууга шектелген жаранга карата Жазык кодексинин 175-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Борбор калаада кыз ала качууга шектелген жигит кармалды. Бул туурасында Бишкек Кайгуул милиция кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга жабырлануучунун курбу кызы арыз жазган.

"19-мартта кечинде Кайгуул милицияга 26 жаштагы кыз кайрылып, саат 21:40 чамасында 27 жаштагы курбусун белгисиз киши ала качып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Кайгуул милициянын кызматкерлери шектүү катары 28 жаштагы М.К. аттуу жаранды кармап, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0