Кыргызстанга чартердик каттам менен келүү үчүн кайда кайрылса болот

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүУчактагы стюардесса иш учрунда. Архив
Учактагы стюардесса иш учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кыргыз өкмөтү "Аэрофлот", "Уральские авиалинии", "Сибирь", Flydubai жана "Авиа Трафик" компаниялары менен макулдашуу кылганы, алар бир нече күндүн ичинде чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды алып келери айтылган.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Учурда дүйнөнүн бир канча өлкөсүндөгү кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн чартердик аба каттамдары аткарылып жатат. Аларга илинип калууну каалагандар Кыргызстандын элчилик жана консулдуктарына кайрылса болорун Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Буга чейин кыргыз өкмөтү "Аэрофлот", "Уральские авиалинии", "Сибирь", Flydubai жана "Авиа Трафик" компаниялары менен макулдашуу кылганы, алар бир нече күндүн ичинде чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды алып келери айтылган. Ошондой эле Түркия, Египетте калган кыргызстандык туристтерге атайын учак жиберүү маселеси каралып жатканы айтылган. Мындан сырткары, Россиянын Москва жана Новосибирск шаарына Бишкектен аптасына эки ирет, Оштон Москвага бир ирет каттамдар аткарылып турары маалымдалган.

"Сүйлөшүүлөр болгон авиакомпаниялардан атайын 200 орундан ашык чоң учактарды коюп берүүсүн өтүнүп жатабыз. Андыктан билет алып, тизмеге кирип койгондордон орун ашышы мүмкүн. Аны билүү үчүн элчилик, консулдуктарга кайрылуу керек. Ал жакта бардык маалымат бар", — деди Акышев.

Белгилей кетсек, дүйнө боюнча коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу "Манас" аба майданы бир катар авиакомпаниялардын рейстерин убактылуу токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0