Мектептеги окуу мөөнөтү жай айларына чейин узартылабы? Расмий жооп

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМектептеги карантин жарыяланган. Архив
Мектептеги карантин жарыяланган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлар 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылганы кабарланган.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Мектептерде окуу мөөнөтү жай айларына чейин узартылбайт. Бул тууралуу брифинг учурунда билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Министрлик төртүнчү чейректеги окуу процессин дистанттык негизде окутуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүп жатат.

“Биздин максат – интернеттин бар-жогуна карабастан, бардык окуучуларды камтуу. Ошондуктан биз ТВ, уюлдук тиркемелер жана мессенджерлер аркылуу аралыктан окуунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп жатабыз. Мындан улам, билим берүү мекемелерине киргизилген үч жумалык карантиндин убактысы узартылса, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт”, — деди Өмүров.

Ал эми министрликтин сайтында келерки жума ичинде 1-11-класстар үчүн “санарип дарбаза” порталы ишке кирери кабарланды. Бул порталдан алынган билимди бекемдөө үчүн окуу материалдарды, атайын тесттерди көрүүгө болот.

Эске салсак, Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылган. Мындан тышкары, бала бакчалар абал турукташканга чейин таратылган болчу. 

Коронавирус Кыргызстанда

Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдер 8-апрелге чейин үйдөн иштемей болушту
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0