"Дордой" базары 23-марттан тарта жабылмай болду

Жазылуу
Соодагерлер ушул дем алыш күндөрү товарларын алып кетүүлөрү керек. Профсоюздун төрайымы Салык кызматы менен коммерциялык банктар соодагерлерге жеңилдик берерин айтты.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Өлкөдөгү “Дордой” ири соода базары 23-марттан тарта белгисиз мөөнөткө чейин, тагыраагы, эпидемиологиялык абал жакшырганча жабылмай болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине “Дордой” базарынын профсоюзунун жетекчиси Дамира Дөлөталиева билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда соода-сатык дээрлик токтоп калды. Көпчүлүк точкалар бир жума мурда эле жабылып калган. Калган соодагерлер ушул дем алыш күндөрү товарларын алып кетүүлөрү керек. Андан соң рыноктун аймагын дезинфекциялоо пландалып жатат. 

“Кечээ өкмөткө барганбыз. Бардык маселелерди талкууладык. Учурда коммерциялык банктар сатуучуларга кредиттин төлөө мөөнөтүн жылдырып беришти. Салык кызматы менен дагы сүйлөшүп койдук. Мындан улам базар жабылып турган кезде соодагерлер патент албай эле койсо болот. Кийинчерээк “Дордойдун” аймагындагы бардык рыноктордун директорлору чогулду. Натыйжада сатуучулар ижара акысын убактылуу төлөбөй турган болушту”, - деди Дөлөталиева.

Коронавирус Кыргызстанда 

Праздничный намаз в честь Курман айта в Оше - Sputnik Кыргызстан
Муфтият 23-мартта ажы башчылыкка каттоо иштери башталарын жарыялады
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0