Коронавирус жуктурган алматылык жигит Бишкекте бир күн жүрүп кеткен

© Фото / West Asia News Agency / Nazanin TabatabaeeКиши медициналык бет капчан көчөдө бара жатат. Архив
Киши медициналык бет капчан көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 20-мартта, Алматы облусунун Каскелең шаарында 34 жаштагы жигит COVID-19 жуктурганы аныкталган.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Алматы облусунда коронавирус жуктурган киши учак менен Стамбулдан Бишкекке келип, автоунаа менен үйүнө кеткен. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшариптин айтымында, кечээ, 20-мартта, Алматы облусунун Каскелең шаарында 34 жаштагы жигит COVID-19 жуктурганы аныкталган.

“Ал 17-мартта Стамбул — Бишкек каттамы менен учуп келип, 18-мартта автоунаа менен Бишкектен Каскелең шаарынын Карасай районуна келген. Учурда ал карантинге жаткырылды, абалы канааттандырарлык”, — деди Ахметшарип.

Бүгүнкү күндө Казакстанда 53 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Нур-Султанда 28, Алматыда 22, Карагандада 2, Алматы облусунда 1 учур катталган.

Ал эми Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 12ге жетти. Алардын баары Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгендер.

Жаңылыктар түрмөгү
0