Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек-Ош жолундагы унаа. Архив
Бишкек-Ош жолундагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов кыргызстандыктарды өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаал режими киргенден кийин бир шаардан экинчисине каттоо кыскартылат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал кыргызстандыктарды өкмөттүн чечимдерин түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

“Карантин киргенден кийин жарандардын бир жерден экинчи жерге барышы кыскартылат. Башка мамлекеттерде адамдардын катнашын азайтуу менен вирустун жайылышын токтотуп жатат. Ошондуктан муктаждык жок болсо эки жакка каттабай, үйдө отуруу зарыл. Ал эми мамлекеттик органдардын ишине, бизнес чөйрөсүнө, сатып алуу же кайсы бир регионго азык-түлүк ташыгандарга тыюу болбойт”, — деди Боронов.

Муну менен бир шаардан экинчи шаарга чыгууга милдеттүү түрдө тыюу салынбай турганын түшүнүүгө болот.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылыч Досумбетов Бишкек — Ош жолу сыяктуу облустар аралык автоунаа каттамдары жабылбай турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга 22-марттан тарта бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режими киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0