Индиядан Кыргызстанга акыркы учак 21-мартта түндө учуп чыгат

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАсмандагы учак. Архив
Асмандагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул каттам менен уччу кыргызстандыктар Дели шаарындагы Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто саат 22.00гө чейин каттоодон өтүүгө жетишүүсү керек.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Индия өзүнүн аба мейкиндигин 22-марттан тарта жабууну пландап жаткандыктан, бул күнү саат 1.30га пландалган Дели — Бишкек каттамы жылдырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Индиянын мындай чечиминен улам Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги 22-март күнкү "Авиа траффик" компаниясынын чартердик YK704 каттамын 21-мартка жылдырууга уруксат алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Андыктан бул каттам менен уччу кыргызстандыктар Дели шаарындагы Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто саат 22.00гө чейин каттоодон өтүүгө жетишүүсү керек.

Учурда коронавирустан улам Кыргызстанда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0