Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЖаан учурунда жолдун көрүнүшү. Архив
Жаан учурунда жолдун көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. 22-март, жекшемби күнү, Ысык-Көл өрөөнүнүн көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Джети-Огуз капчыгайы . Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш ысык болобу? Апрель айына карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Таласта +15…+20, Ысык-Көлдө +9…+14, Нарын жергесинде +10…+15 жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +18…+23 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада күндүн табы +17…+19 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +21…+23 градуска дейре жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0