Режим чрезвычайной ситуации в Ноокатском районе из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда 14 кишиден коронавирус чыкты. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Коронавирус жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча 307 277 адамга жетти. Анын ичинен 13 048 адам көз жумуп, 92 372си айыкты.

Кытайда тараган коронавирус Кыргызстанга да жетип, аны менен 14 киши күрөшүп жатат. Буга байланыштуу республикага өзгөчө кырдаал киргизилди.

Sputnik Кыргызстан жыйындан тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:29 23.03.2020

12 пост Бишкек калаасынын төмөнкү жерлерине коюлат:

 Фучик көчөсү менен Чоң-Чүй каналынын кесилишине;

Жаш Гвардия бульвары проспектиси менен Саадаев көч. кесилишине;  

  Тоголок Молдо менен Саадаев көч. кесилишине;

  Курманжан датка көч. менен Чоң-Чүй каналанын кесилишине;

 Жибек Жолу пр. менен Лермонтов көч. кесилишине;

  Салиева менен Ауэзов көч. кесилишине;

  Ауэзов  менен  Анкара көч. кесилишине;

7-апрель көчөсүнө (понарамага кеткен бурулушта);

Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көч кесилишине ( Семетей көч. жогору)

  Дэн Сяопин менен  Алыкулов көч. кесилишине;

  Муромская жана  Алыкулов көч. кесилишине;

  Кожобергенов менен Семетей көч. кесилишине.

Каттап жаткандардын ден соолугу, жолоочулап жүргөн максаты такталат. Жеринде ӨКМдин жана милиция кызматкерлери күзөттө турат.

20:27 23.03.2020

Бир жолу колдонгон бет капты сөзсүз деформация кылып (кесип, тытып) туруп ыргытуу керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун башкы илимий адиси Надира Соромбаева билдирди.

 

Профилактика гриппа в Германии - Sputnik Кыргызстан
Бир жолу колдонгон бет капты кескилеп ыргыткыла! Дарыгердин сунушу
20:05 23.03.2020

26-марттан баштап Баткен-Бишкек, Бишкек-Баткен авиакаттамдары токтотулат. Бул тууралуу Баткен аэропортунан маалымдашты.
Буга чейин сатып алынган авиабилеттердин акчасы толук кайтарылат. 24-март күнү Баткенге акыркы авиакаттам жүргүзүлөрүн айтышты. 

21:35 22.03.2020

Посттордо Ички иштер, Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматкерлери өлкө ичинде жүргөн, тагыраагы, бир облустан экинчи облуска каттаган жарандарды текшерүүдө.

"Эгер жөнү бар себеп болсо, мисалы бир облустан экинчи облуска иш боюнча баратса, анда ал адам өткөрүлөт. Эгер жарандар жөн гана туугандарынын ал-абалын билүүгө же кандайдыр бир той-ашка бара жатса алар өтө албайт, тыюу салынат. Мындан сырткары, ишкерлик менен алектенген жарандар дагы тоскоолдуксуз өтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

18:52 22.03.2020

Бишкек шаарында беткап жана антисептиктерге суроо-талап көп болуп жаткандыктан кечке чейин дарыканаларда алардын саны калбай калууда. Ошондуктан Ош жана Бишкек шаарларындагы ишкерлерге 100 миң даана беткап чыгаруу боюнча буйрутма берилди.

18:20 22.03.2020

22-март саат 18:00гө карата коронавирус менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, дене табынын көтөрүлүшү – 38°С, кургак жөтөлү бар. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, карантинге алынды.

18:01 22.03.2020
  • Баткен облусунун Караван айылында — 1 пост; 
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдарында, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында — 4 пост;
  • Жалал-Абад облусундагы Чычкан постунда — 1 пост;
  • Талас облусунда Көпүрө-Базар айылында — 1;
  • Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Чат айылында — 1 пост;
  • Ысык-Көл облусунун Кубакы постунда — 1 пост;
  • Чүй облусунда Сосновка, Маловодное, Киргшелк, Ак-Жол, Алматы айланма жол постторунда — 5 пост.

    Санитардык-карантиндик посттор эки нөөмөттө күнү-түнү иштейт. Аталган посттордо ӨКМ, ИИМ органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдары болот.

 

17:11 22.03.2020

Ош облусунун 7 районунда, 90 жергиликтүү аймактарда коомдук жайларда, мекеме-имараттарда, жолдордо дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Облус аймагында учурда ун жана күнүмдүк тамак-аш азыктары жетиштүү.

17:09 22.03.2020

Социалдык тармактарда Кыргызстан боюнча интернет өчүрүлөт деп тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев кимде-ким жалган маалыматтарды атайылап таратса, КР Кылмыш жана жаза кодексинин 344-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыларын билдирди.

17:05 22.03.2020
16:55 22.03.2020
16:54 22.03.2020

Өлкө аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилгенге байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлигинин 6500 ашык жеке курамы ишке тартылып, күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев 22-мартта өткөн брифингде билдирди.

16:52 22.03.2020

Финансы министрлиги 2020-жылдын 22-мартына (саат 14.00гө) карата коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн каражаттын суммасы 5 миллион 294 миӊ 358 сом болгонун маалымдады. 

Эске салсак, эсеп жеке жана юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү максатында ачылган.

16:38 22.03.2020

Орозалиев текшерип өткөргөн пункттар блокпост эмес, санитардык-карантиндик пост экенин баса белгиледи. Ал жактан милиция, дарыгерлер жарандардын кайдан келе жатканын, кайда болгонун, ал тургай эгер чет өлкөдөн келе жатса, паспортундагы штампты кароого укуктуу.

16:34 22.03.2020

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев соцтармак аркылуу жалган маалымат тараткан сегиз факт катталганын айтты. Ал мындай жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

16:22 22.03.2020

Саламаттык сактоо уюмдарына медициналык жардам көрсөтүү үчүн бүгүнкү күндө бар каражаттар:
Бир жолу колдонулуучу беткаптар – 400 миң даанадан ашык;
Коргоочу костюмдар – 3900 даана;
N95 же FPP2 коргоо даражасындагы респираторлордун беткаптары – 50 миң даана;

Ошондой эле КР аймагында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн КР өкмөтү тарабынан кошумча 30 миллион сом бөлүнүп, анын ичинен:

1000 даана N95 респираторлор (мурун каптар);
2200 даана коргоочу кийимдер;
1000 жаан медициналык халаттар;
ар бири 100 даана болгон 1200 даана колкаптар;
20 миң даана медициналык маскалар сатып алынды.

16:08 22.03.2020

Саламаттык сактоо министрлиги экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды да биринчи категориядагыдай эле обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды. Бирок мөөнөтү үч күн болот.

"COVID-19 инфекциясына текшерүүнүн анализдери таза чыкса, келген жарандар үй шартындагы карантинге жөнөтүлөт. Буга чейин Кыргызстанга келгендер коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок болгон учурда гана үй карантинине жиберилчү", — деп жазылат билдирмеде.

15:56 22.03.2020

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү тигүү цехтери менен биргеликте беткаптарды тигип жатат.
Шаар мэри Эрмекбай Топчубаевдин айтымында, калаадагы “Динамо” тигүү цехи менен түзүлгөн келишимге ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүп, 6000 беткап даярдалат.

Ал беткаптар саламаттыкты сактоо мекемелерине жана санитардык-карантиндик көзөмөлдөө постторунда турган кызматкерлерге берилет. Даярдалган беткаптар жергиликтүү дарыканаларда арзан баада сатылат.
Мындай иш-аракеттер облусттун башка район-шаарларында да аткарылууда.

15:31 22.03.2020

"Бул боюнча ар бир маморганга көрсөтмө берилген. Жетекчилик өзү чечим кабыл алып, бир үйдө мамлекеттик кызматта иштеген эки адам болсо, ата-эненин бирине (атасы же апасына) эмгек өргүү же отгулдун эсебинен уруксат берилет. Же аралыктан (үйдөн) иштөөгө мүмкүндүк каралат. Ал эми мамлекеттик кызматта иштеген жалгыз бой адам болсо, анда бул маселени жетекчилиги менен сүйлөшүп чечет. Негизи өргүүгө чыкса да эмгек акысы кемибеши керек", — дешти штабдан.

14:44 22.03.2020
Ситуация в Оше после введения режима ЧC - Sputnik Кыргызстан
14:42 22.03.2020
Ситуация в Оше после введения режима ЧC - Sputnik Кыргызстан
14:32 22.03.2020

Эл аралык "Манас" жана "Ош" аэропорттору аркылуу өлкөгө келген жүргүнчүлөр коронавирусту алдын ала аныктоо жана анын жайылышына жол бербөө үчүн 14 күндүк карантинге алынат.

Эскерте кетсек, 21-марттан баштап биздин жарандарды Россия, Дубай жана Делиден кайтарып келүү үчүн чартердик рейстердин графиги түзүлгөн.

13:34 22.03.2020
Ситуация в Оше из-за введения чрезвычайной ситуации в КР - Sputnik Кыргызстан
13:32 22.03.2020

22-марттагы Өкмөт үйүндө болуучу онлайн-брифингдер:
Саат 14:00 – КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Саат 16:00 – КР Ички иштер министрлиги;
Саат 18:00 – КР Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Аны түз эфирде ЭлТР каналынан, Кыргыз Өкмөтүнүн facebook баракчасынан, youtube каналынан көрө аласыздар. Ошондой эле Биринчи радиодон дагы түз ободо берилет. Суроолорду да жиберүүгө болот.

13:26 22.03.2020

социалдык жана медициналык мекемелер, балдардын реабилитациялык борбору жана баш калкалоочу жайлар карантинге жабылгандыктан, ал жактагыларга жардам керек болууда.

Ыктыярчы болом дегендер төмөнкү номерлерге байланышса болот:

  • Жардам уюштуруунун координатору Насипа Султанкулова — 0557 706 575;
  • Ленин району боюнча Керимкул Кудайбергенов — 0772 717162;
  • Свердлов району боюнча Айжамал Токтобекова — 0702 046429;
  • Биринчи май району боюнча Нарынгүл Абсаматова — 0702 427381;
  • Октябрь району боюнча Улан Жолдошбеков — 0772 408412;
  • Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү Перизат Мукамбетова — 0700 901480.


Ошондой эле шаардык мэрия коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында атайын эсеп ачкан. Каражаттар тепловизор, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты, антисептик, шприц, коргоочу костюм, көз айнек, кол кап, дезинфекциялык каражаттарды алганга жумшалат.

Атайын эсеп: 4402061213012249
ИНН: 01710199610068
БИК: 440001
Төлөө коду: 14411100
Кенен маалыматты 0777 119771, 0755 001777 жана 0772 665377 (WhatsApp) номерлери аркылуу билүүгө болот.

12:17 22.03.2020
11:57 22.03.2020

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы, Калкты тейлөө борборлору (КТБлар). Дүйшөмбү — жума. Саат 09:00дөн 18:00гө чейин;

Кичи калкты тейлөө борборлору. Шейшемби — жекшемби. Саат 10:00дөн 19:00гө чейин;

"Унаа" мамлекеттик ишканасы. Дүйшөмбү — жума. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин.

11:54 22.03.2020

"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору коронавирус COVID-19 жайылышын болтурбоо максатында аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди.

Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт.

Мындай чектөөлөр жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында көрүлүүдө.

11:51 22.03.2020
Чрезвычайная ситуация в Сузакском районе - Sputnik Кыргызстан
11:42 22.03.2020

Кыргызстанда 22-мартта коронавирус жуктургандар катталган жок. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Өлкө боюнча COVID-2019 вирусуна кабылгандардын саны 14. Анын алтоосу эркек болсо, сегизи аял. Баткен облусунда бирөө, Сузак районунда сегиз адам, Ноокат району боюнча үч, Бишкек шаарында эки адам бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0