Өзгөчө кырдаалда калк тейлеген кайсы маморгандар иштейт? Тизме

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОткрытие нового Центра обслуживания населения в Бишкеке
Открытие нового Центра обслуживания населения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир мекемеде күн сайын санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Маморгандар кадимки тартипте иштешет.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Республикалык штаб өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан мамлекеттик органдар кадимки тартибинде иштей берерин айтты.

Калкка кызмат көрсөткөн маморгандардын тизмеси жана иштөө убактысы жарыяланды:

  • "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы, Калкты тейлөө борборлору (КТБлар). Дүйшөмбү — жума. Саат 09:00дөн 18:00гө чейин;
  • Кичи калкты тейлөө борборлору. Шейшемби — жекшемби. Саат 10:00дөн 19:00гө чейин;
  • "Унаа" мамлекеттик ишканасы. Дүйшөмбү — жума. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин.

Ар бир мекемеде күн сайын санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, 22-марттан тартып республикага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Больница в Коммунарке примет пациентов с подозрением на коронавирус - Sputnik Кыргызстан
Мэрия шаардыктардан ӨК режиминде иштеп жаткандарга колдоо көрсөтүүнү өтүндү
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.
Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай экенин Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0