Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация в Бишкеке в связи с коронавирусом
Ситуация в Бишкеке в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын айтымында, социалдык, медициналык мекемелер, балдардын реабилитациялык борбору жана баш калкалоочу жайлар карантинге жабылгандыктан, ал жактагыларга жардам керек.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы коронавирус кырдаалына байланыштуу ыктыярчылар тобун түзмөй болду. Бул туурасында шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, социалдык жана медициналык мекемелер, балдардын реабилитациялык борбору жана баш калкалоочу жайлар карантинге жабылгандыктан, ал жактагыларга жардам керек болууда.

Ыктыярчы болом дегендер төмөнкү номерлерге байланышса болот:

  • Жардам уюштуруунун координатору Насипа Султанкулова — 0557 706 575;
  • Ленин району боюнча Керимкул Кудайбергенов — 0772 717162;
  • Свердлов району боюнча Айжамал Токтобекова — 0702 046429;
  • Биринчи май району боюнча Нарынгүл Абсаматова — 0702 427381;
  • Октябрь району боюнча Улан Жолдошбеков — 0772 408412;
  • Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү Перизат Мукамбетова — 0700 901480.

Ошондой эле шаардык мэрия коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында атайын эсеп ачкан. Каражаттар тепловизор, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты, антисептик, шприц, коргоочу костюм, көз айнек, кол кап, дезинфекциялык каражаттарды алганга жумшалат.

  • Атайын эсеп: 4402061213012249
  • ИНН: 01710199610068
  • БИК: 440001
  • Төлөө коду: 14411100
  • Кенен маалыматты 0777 119771, 0755 001777 жана 0772 665377 (WhatsApp) номерлери аркылуу билүүгө болот.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай экенин Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0