Блокпосттон кимдер кантип өтө алат? КРдеги өзгөчө кырдаалдын жол-жобосу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Чрезвычайная ситуация в Сузакском районе
Чрезвычайная ситуация в Сузакском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрежеде калктын кыймыл-аракетиндеги чектөөлөр, билим берүү, саламаттык сактоо, соода-сатык жана башка тармактардагы иштердин системасы көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими кирип, өкмөт анын жол-жобосу тууралуу түшүндүрүп берди.

Эске салсак, кечээ, 21-мартта, Коопсуздук кеңеши коронавируска байланыштуу өкмөткө республикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунушун берген.

Калктуу конуштан кирип-чыгуунун эрежеси

Негизги жолдордо санитардык-эпидемиялык посттор орнотулат;

Ситуация в Бишкеке в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
Үйдөн чыкпай туруу сунушталат, бирок негиздүү себеп болуп калса блокпосттордон тоскоолдуксуз өтүп турууга мүмкүн. Блокпосттордон тоскоолдуксуз атайын унаалар (таштанды чогултуучу, инкасаторлор) жана жүктөрдү, азык-түлүктөрдү, элге керектүү товарларды, дары-дармектерди ташыган транспорттор гана өтүп турушат;

Атайын өткөрмө кагаздар болбойт. Шаардан сырткары турууга, аралыктан иш алып барууга же болбосо үйдө эле болуп туруу сунушталат;

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын штабдары өзгөчө учурларды өз ара караштырып чечим чыгарышат.

ИИМ Sputnik агенттигине өзгөчө кырдаал режиминде айдоочулар санитардык-карантиндик посттордон кантип өтүшү керектигин түшүндүрүп берди.

Маалымат кызматтын билдиришинче, блокпосттон өтөрдө адамдын ким экенин тастыктаган документ болушу зарыл.

"Ал эми блокпосттон өтө турган жүргүнчүлөрдө дагы документ болгону жакшы. Шоопур айдоочулук күбөлүгүн көрсөткөнү жетиштүү", — дешти министрликтен.

Жумуш

Тыюу салынбаган тизмеге кирген ишкана ээлерине аралыктан иштөө тартиби же кызматкерлердин санын кыскартуу сунушталат.

Билим берүү

Открытие нового Центра обслуживания населения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалда калк тейлеген кайсы маморгандар иштейт? Тизме
Мектеп окуучулары 8-апрелге чейин таратылды. Окуучулар үчүн билим берүү жана илим министрлиги IV чейректеги окутууну аралыктан жүргүзүп жаткандыктан, учурдагы окубай калган күндөр жайкы эс алууга жылдырылбайт. www.edu.gov.kg сайтынан 1-11-классты окуучулары тест жана окуу материалдары менен тааныша алышат. Бүтүрүү сынактары жана ЖРТ үчүн атайын өзүнчө ыкмалар берилет.

Мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалар жабылды. ЖОЖ менен колледждердин студенттери онлайн-окутууга өтүшөт. Чет жактан келип, үйлөрүнө кете албай калгандар жатаканада жашап билим ала беришсе болот.

Ден соолук

Оорукана, бейтапкана жана амбулатория клиникалары кадимки иш тартиби менен иштей беришет. Эскерте кетүүчү жагдай, эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, ооруканага баруунун кажети жок, болгону 112, 103 жана 118 номерлерин терип, байланышуу керек. Болбосо жергиликтүү медицина кызматтарына байланышуу зарыл.

Эшикке чыкса болобу?

Элдин айыл менен шаар ичинде жүрүүсүнө чек жок. Бирок ошого карабастан үйдө болуу сунушталат. Ошондой жол менен гана вирустун жайылуусун токтотууга мүмкүн.

Коомдук транспорт

22-марттан баштап Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Көптөгөн жеке менчик маршруттук таксилер убактылуу ишке чыгышпайт. Башка коомдук автобус менен троллейбус багыттары иштей берет.

Соода-сатык

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ӨК режими учурунда жүрчү троллейбустардын тизмеси
Ири соода-оюн-зоок борборлору карантинге жабылды. Бирок ошол эле маалда өзгөчө абал маалында азык-түлүк жана дарыканалар кадимки тартипте иштей берет. Кафе-ресторандар жеткирип берүү тартибинде гана иштешет. Азык-түлүк сатпаган базарлар, спорт залдары, басссейндер, СПА, сулуулук салондору убактылуу жабылат.

Мамлекеттик кызматтар

Өтө маанилүү деп эсептелген мамлекеттик ишканалар жана коммуналдык инфраструктуралар (электр, газ, жылуулук түйүндөрү жана башка) кадимкидей иштейт. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жарандарды кабыл алууну чектешет.

Банктар

Көпчүлүгү ачык болот, бирок айрым бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыскартылып же бөлүмдөр толугу менен жабылышы мүмкүн. Негизи мындай учурда онлайн-банкинг жана банкоматтарды пайдалануу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0