Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTДом ассоциации в Париже
Дом ассоциации в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер бир үйдө эки мамлекеттик кызматкер иштесе, экөөнүн бири өргүүгө чыкса болот. Айлык маянасы ошол бойдон сакталат.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. Республикалык штаб балалуу мамлекеттик кызматкерлер кандай тартипте иштерин түшүндүрүп берди.

Эске салсак, 22-мартта Кыргызстанга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындан улам троллейбус, автобустардан сырткары коомдук транспорттун баары токтоду. Мектеп, бала бакчалар ага чейин эле убактылуу жабылган. Бирок мамлекеттик органдар штаттык режимде эле иштей турганы маалым болду.

Республикалык штаб мындай кырдаалда ата-энелер кандай тартипте иштесе болорун айтты.

"Бул боюнча ар бир маморганга көрсөтмө берилген. Жетекчилик өзү чечим кабыл алып, бир үйдө мамлекеттик кызматта иштеген эки адам болсо, ата-эненин бирине (атасы же апасына) эмгек өргүү же отгулдун эсебинен уруксат берилет. Же аралыктан (үйдөн) иштөөгө мүмкүндүк каралат. Ал эми мамлекеттик кызматта иштеген жалгыз бой адам болсо, анда бул маселени жетекчилиги менен сүйлөшүп чечет. Негизи өргүүгө чыкса да эмгек акысы кемибеш керек", — дешти штабдан.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Чрезвычайная ситуация в Сузакском районе - Sputnik Кыргызстан
Блокпосттон кимдер кантип өтө алат? КРдеги өзгөчө кырдаалдын жол-жобосу
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.
Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай экенин Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0