Коронавирус жуктургандын баары эле жатып калбайт. Вирусологдун маеги

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОбследование на коронавирус жителей Владивостока
Обследование на коронавирус жителей Владивостока  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда COVID-19 вирусунан мурун ал тууралуу туура эмес маалыматтар дүрбөлөң салууда. Кытай бул ооруну тартип жана тазалык менен гана жеңип жатат.

Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде коронавирус менен күрөшүүдө тартипти, тазалыкты сактоо башкы маселе экенин айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВирусолог Зуридин Нурматов
Коронавирус жуктургандын баары эле жатып калбайт. Вирусологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Вирусолог Зуридин Нурматов

COVID-19 вирусун жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча 307 277 адамга жетти. Анын ичинен 13 048 адам көз жумуп, 92 372си айыкты. Ал эми Кыргызстанда 14 киши аталган вирус менен күрөшүп жатат.

— Коронавирус илдети вирустун эң кооптуусу болуп саналабы?

— Учурда оорунун эмес, маалыматтын пандемиясы болуп кетти. Коронавирус жуктуруп алгандардын 20 пайызы оорунун эч кандай белгилерин байкабай эле өткөрүп жибериши мүмкүн. Жуктуруп алган 80 пайыздан ашык бейтапта ал өтө жеңил өтүп, 10 пайыздан жогорусу гана оор түрдө болуп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, COVID-19 вирусун жуктуруп алгандын баары эле сыркоолоп жатып калбайт. Вирус жугузуп алгандардын өмүрү өлүм коркунучунда деп ойлоо жаңылыштык. Иммунитети күчтүү адамдар анын белгилерин такыр байкабай эле өткөрүп жибериши мүмкүн. Ошол себептен бул вирусту өтө коркунучтуу деп кабыл алууга болбойт.

— Бирок коронавирус илдетинен дүйнөдө 13 048 адам көз жумганы айтылууда?

Ситуация в Бейруте в связи с эпидемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Билгенден биле элегиң көп! Коронавирус тууралуу 8 факт
— Вирус иммунитети начарлагандарды, мурда илдетке чалдыккандарды өлүмгө алып келиши ыктымал. Бул оору кант диабети барларга, рак илдетине чалдыккандарга, өпкө ооруларына жана башка өнөкөт оорусу барларга өлүм алып келүүдө. Коронавирустан каза болгондордун ичинен мурда оорубагандар бир пайызга да жетпейт. Кытайда каза болгондордун баары 60 жаштан жогору, ал эми Италияда 80 жаштан жогору экендиги айтылууда. Ал эми ошол эле чочко тумоосунан, ОРВИден жана башка сасык тумоолордон суткасына дүйнөдө 1700-1800 адам көз жумат. Бирок бул оорулар боюнча коомчулук мынчалык дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Азыр вирустун өзү эмес, анын айланасында тараган ар кандай туура, туура эмес маалыматтар дүрбөлөң салууда.

— Мурда да коронавирус катталган учурлар болгонбу?

— Коронавирус буга чейин деле болгон. 2002-жылдагы коронавирустун SARS-CoV түрүнүн өлүмгө алып келген учуру 9,6 пайыз эле. Андан кийин төөлөр аркылуу жуккан MERS-CoV түрүнөн жалпы ооругандардын 34,4 пайызы көз жумганы катталган. Ал учурда мындан коркунучтуу кырдаал болсо дагы эл мынчалык дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Вирус аныкталгандан бери дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондор жалпы ооруп калгандардын 0,9 пайызын түзүп жатат. Ал эми ошол эле чочко тумоосунан, ОРВИден жана башка сасык тумоолордон суткасына дүйнөдө 1700-1800 адам көз жумат. Бирок коомчулук аны кеп кылбай деле калды. Бара-бара коронавирус деле ошентип унутулат.

— Коронавирустун вирусунун жогорку температурага туруштук бере албасы чынбы?

— COVID-19 вирусу күн ысыганда өзүнөн-өзү токтоп калбайт. Бул вирус сыртка түшүп калса эки-үч гана саат жашайт. Сырт канчалык ысык болсо, ошончолук тез өлөт. Сыртта 10-15 градус ысыкта 15 мүнөткө жетпей өлөт. Ал эми адамдын ичине кирсе, 36 градус температурада клеткага ыңгайлашып алып, көбөйүп жашай берет. Күн ысыганда аба аркылуу жугуусу басаңдайт дегенибиз, вирус түшүп калган эмеректерди кармаганда, көбү өлүп калып кооптуулук азаят деген сөз. Тартипти сактоо, дарыгердин айткандарын так аткаруу менен бул илдетти жеңип чыкса болот.

— Бул илдетке Кыргызстандын медицинасы туруштук бере алабы?

Ситуация в Пекине в связи с эпидемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус менен күрөшүүдө алкоголь менен чылымды азайтуу керек. Себеби
— Бүгүнкү күндө даярдык жакшы. Кошумча обсервациялык жаткырууга эки миңден ашык койка уюшулган. Бардыгы жаткырылып, текшерилип жатат. Вирус жуктургандар боюнча клиникалык иштер жүргүзүлүүдө. Кандайдыр бир жетишпестиктер жок. Тест–системалардын бардыгы жетиштүү. Бул жерде кичи ажылык коммерциялык болуп калгандыктан, кеткен адамдардын так саны жок болуп жатат. Негизинен ажыга кеткендерге алты медициналык кызматкер кошулуп барат. Умрага баргандар арасына жок дегенде жарым акчасын төлөп бир медикти кошуп алышса болмок.

Кытайдын коронавирусту жеңишинин негизги жолу өкмөттүн киргизген эрежелерине баш ийип, гигиенаны сактоосу болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0