Коронавирустун бар-жогун 20 мүнөттө аныктаган тест-системалар алынды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТест-системы для диагностики нового коронавируса
Тест-системы для диагностики нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер коронавирустун бар экени аныкталса, милдеттүү түрдө ПЦР анализи алынат. Тесттер эртеңден тарта колдонула баштамакчы.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги кишиде коронавирустун бар-жогун 20 мүнөттө аныктай турган 5000 экспресс-тест сатып алганын Республикалык штаб билдирди.

Маалыматта аталган тесттер атайын эсептин каражатына алынганы айтылат.

"Бул экспресс-тесттердин пайдалануудагы жеңилдиги, арзандыгы жана жыйынтыкты тез арада алууга мүмкүндүгү ага артыкчылык берет. Эгер коронавирустун бар экени аныкталса, милдеттүү түрдө ПЦР анализи алынат. Тесттер эртеңден тарта колдонула баштамакчы", — деп айтылат маалыматта.

Рсепубликалык штаб экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка бир катар мамлекеттерде ийгиликтүү пайдаланылып келгенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0