Кыргызстанга чет элдиктердин кирүүсү боюнча шарт өзгөрдү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорт "Внуково" в Москве
Аэропорт Внуково в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадам COVID-19 коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышына жол бербөөгө жана КР жарандарынын ден соолугун сактоого багытталганы айтылды.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Эми Кыргызстандын аймагына КР жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган чет мамлекеттердин жарандары менен жарандыгы жок адамдардын өлкө аймагына кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн өзгөртүү киргизилген буйругунда айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган категориядагы адамдардын кирүүсүнө тоскоолдук жок болчу.

"Өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы буйругуна ылайык, көрсөтүлгөн категориядагы чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдарга же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдарга дагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин өлкөгө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди", — деп айтылат буйруктун текстинде.

Мындай кадам COVID-19 коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышына жол бербөөгө жана КР жарандарынын ден соолугун сактоого багытталганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0