Кыргызстан 12 сапка жогорулады. Бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүПразднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизменин башында адаттагыдай эле Финляндия турса, Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан Өзбекстан алдыга чыкты.

БИШКЕК, 23-мар. – Sputnik. Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан быйыл 12 сапка жогорулап, 74-орунду ээлеген

Кыргызстандын товарлары жөнөтүлгөн топ-15 мамлекет  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан товар алган 15 өлкө. Таң калтырчу рейтинг
БУУнун туруктуу өнүгүү чечимдерин издөө боюнча бөлүмү жыл сайын 20-мартта белгиленчү Эл аралык бакыт күнүнө карата World Happiness Report докладын жарыялаган. Анда 160 мамлекет камтылып, чечим кабыл алуу эркиндиги, оор абалда социалдык жактан колдоо көрсөтүү, ИДП, жашоо узактыгы, жоомарттык, коррупциянын деңгээли сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча баа берилген.

Былтыр Кыргызстан 86-орунда болчу. Жыл ичинде республика абалын бир топ жакшырта алган.

Тизменин башында адаттагыдай эле Финляндия турат. Он алдыңкы өлкөнүн катарында Дания, Швейцария, Исландия, Норвегия, Нидерланддар, Швеция, Жаңы Зеландия, Австрия жана Люксембург бар.

​Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен 38-орунду ээлеп Өзбекстан алдыда. Андан кийин былтыркы 60-орундан 50-сапка көтөрүлгөн Казакстан турат. Тажикстан жыл ичинде тогуз сапка жогорулап, 71-орунду ээлеген. Түркмөнстан 95-орунда.

Эң эле бактысыз мамлекеттер болуп Зимбабве, Түштүк Судан жана Афганистан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0