Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус, өзгөчө кырдаал, азыркы абал. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилгенине эки күн болду. Бул - республикага коронавирусту жайылтып жибербөөнүн чарасы.

Ушул тапта өлкө боюнча 14 киши коронавирус менен күрөшүп жатат. Экөөнүн абалы оор экени кабарланды.

Вирусту жайылтпоо үчүн Кыргызстандын жети облусунда 14 санитардык-карантиндик пост орнотулмай болду.

Sputnik тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:44 23.03.2020

Жалал-Абад шаарына кирип чыгуу 24-марттан тарта токтотулат. Башка аймактан келген жарандардын кирүүсүнө жана калаа ичиндегилердин сыртка чыгуусуна тыюу салынат. Бул маалыматты аталган калаанын мэриясынан тастыкташты. 

18:41 23.03.2020

Нарын облусундагы карантинге алындардын саны боюнча боюнча суроо берилди.

"Нарында оору тастыкталган учур жок. Даватка келген жарандар бар экен, обсервацияга алынган. Алынган анализдерден коронавирус тастыкталган эмес. Эми алардан дагы алынат", - деди Акматова.  

18:38 23.03.2020

Акматова: Азыр жаз учуру болгондуктан, организм витаминдерге муктаж. Сабиз, кызылча, алма жегиле. 10-15 мүнөттөн дене бойго көнүгүүлөрдү жасагыла.

18:35 23.03.2020

Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны  - 17.

Стационардык карантиндегилер - 1710.

Үй карантиндегилердин саны  - 2155.

18:29 23.03.2020

Акматовага ооруп жаткандар менен чет жактан учуп келгендерди текшерип жаткан медиктердин кийимдери талапка жооп береби деген суроо берилди. Ал оорулар жаткан ооруканага эпидеомиолог жана инфекциялык дарыгерлер атайын жабдылган кийим менен кирип жатышат деп жооп берди. "Кол кап, сырткы кийим, көз айнек жана беп кап кийген",- деди.

 

 

18:26 23.03.2020

Акматова коронавирус жуктуруп, учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан кишинин абалы туруктуу экени айтылды. Өпкөсүнүн оң жагы кагындыгын кошумчалады. 

18:22 23.03.2020

Акматова: Экспресс-тесттер обсервацияда жаткан кишилердин абалын текшерүүдө колдонулуп жатат. Облустар боюнча 8 мобилдик бригада чыгып кетип, иштеп жатат. 

18:19 23.03.2020

Акматова: Кыргызстан күчүн коронавирусту өлкөнүн ичине жайылып кетүүсүнө каршы аракет кылууга басым жасап жатат. Облустар боюнча блок-посттор коюлду. Баарылап аракет кылышыбыз керек. Оору менен күрөшүүдө жоопкерчилик зор мааниге ээ. 

 

18:18 23.03.2020

Коронавирус жуктургандар Ош облусунун Ноокат районунун тургундары. Алардын бири - эркек, экинчиси - аял. Жашы 60та. Булар да кичи ажыдан келгендер. 

18:16 23.03.2020

Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин  Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөлөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирустун алдын алуу  жана анын  өлкө аймагына таралып кетүүсүн алды алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер  боюнча маалымат берип жатып айтты. 

18:14 23.03.2020
18:03 23.03.2020
15:56 23.03.2020

Кыргызстандык адис коронавирустан сактанууда жылуу суу жардам берерин айтты. 

 

Вирусолог Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Нурматов: коронавирустан сактанууда жылуу суу жардам берет
15:39 23.03.2020

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу 23-марттан тарта Ош шаарында №1, №2 троллейбустук жана №12, №13 автобустук каттамдар күнүнө эртең менен жана кечинде каттап жатат.

Эртең мененки каттамдар: 1-рейс — саат 7:00дө, 2-рейс — саат 7:30, 3-рейс — саат 8:00дө эл ташыйт. Кечки каттамдар: 1-рейс — 18:00, 2-рейс — 18:30, 3-рейс — 19:00дө жүрөт.

Аталган троллейбус жана автобустар көрсөтүлгөн убакыттарда акыркы токтоочу жайдан   жөнөйт.

15:32 23.03.2020

Ош калаасына кире турчу 7 жерге санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Бул блок-посттордо санитардык кызматтардын кызматкерлери дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.

Жергиликтүү тургундарга өзгөчө зарылчылык жок болсо, шаардан жана үйлөрүнөн чыкпоо эскертилди. 

Временные ограничения на въезд в Оше из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
15:18 23.03.2020

Баткен облусунун дарыгерлерине 500 комплект коргонуучу каражаттар (бет кап, көз айнек жана костюм) тапшырылган.

Бул комплект формалары облустагы аламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет.
Мындай кийим-кечелер муктаждыкка жараша дагы алынары кабарланды.
Буга чейин Фергана облусунан 2600 даана таңгакталган медициналык марли жана 1 тонна 400 кг дезинфекциялоочу каражаттар алынып келинген.
Учурда мындай коргонуучу кийимдер жергиликтүү тигүү цехтеринде да даярдалууда.

Аталган жардам өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында болгону айтылды.

15:08 23.03.2020

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттай турганын маалымат жыйында айтты.

Азыркы мониторинг кээ бир продукциялардын баасы 3 пайызга өскөнүн көрсөтөн.

“Элди баанын кымбаттап кетишине даяр турууга чакырабыз. Каатчылыктан улам инфляция баары бир өсөт, бирок баанын асмандап кетпешине болгон аракетибизди жасайбыз”, - деген ал.

15:02 23.03.2020

Биринчи вице-премьер-министр Асрандиев Улуттук банктын коммерциялык банктарга насыяны төлөө мөөнөтүн кечиктиргендерге айып пул салынбасын деген чечим чыгаргандыгын айтты.

"Ал эми насыянын негизги суммасын жана пайыздарын төлөө эң аз дегенде үч айга жылдырылсын деген сунуш берилген", - деди Асрандиев. 

Выдача кредитов в КР - Sputnik Кыргызстан
15:00 23.03.2020

"Чогулган акчаны бөлүштүрүү тартиби Жогорку Кеңеш менен макулдашылат. Анын кайда жумшалганы туурасында жума сайын маалымат берип турабыз", — деди Асрандиев.

 

14:48 23.03.2020

Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Алар - буудай азыктары, ун, макарон, ун, жумуртка, туз, кумшекер, өсүмдүк майы, күрүч ж.б. азыктар. Андан сырткары тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту). 

Ал эми башка түрдөгү товарлар - салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар экени айтылды. Экспортко тыюу салынгандардын арасында - дезинфекциялоочу каражаттар да бар. 

Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө. 

Рост цен на продукты на рынках Бишкека - Sputnik Кыргызстан
14:43 23.03.2020

Коронавирустун бир эле белгиси пайда болушу мүмкүн — адам жыт сезбей калат.

Адистердин айтымында, мындай симптом COVID-19 илдетине кабылгандардын көпчүлүгүнөн байкалган. Дарыгерлер Түндүк Корея, Кытай, Италия жана Германиядагы бейтаптардын маалыматтарын изилдеп чыгышкан.

Маалыматты бул жерден кеңири окуй аласыз. 

14:26 23.03.2020

Саламаттык сактоо министрлигине – 30 млн сом;

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ӨКМдин атайын эсеби – 225 млн сом;

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого (ММРФ) (азык-түлүк буудайын сатып алууга) – 631 млн сом;

Ун тартуучу ишканаларды жеӊилдиктер менен насыялоого бюджеттен каражаттар бөлүндү – 400 млн сом (ошондой эле “Айыл банк” жана РСК банк 400 млн сом бөлдү). Бардыгы 800 млн сом.

Зарылчылык болгондо, Өкмөт дагы кошумча каражаттарды бөлөт.

14:15 23.03.2020

Республикалык штаб: Кыргызстандык программисттер IT-коомчулук жана КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин демилгесинин алкагында http://virus.el.kg/. аталышындагы кыргыз тилдүү сайт иштеп чыгышты.

Сайттан дүйнө жүзү жана Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан адамдардын, айыккандардын жана вирустан каза болгондордун саны тууралуу онлайн режимде маалымат алса болот.

14:10 23.03.2020

Асрандиев: Беткаптардын тартыштыгы Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатат. Учурда атамекендик өндүрүшчүлөргө иштер жүктөлүп, беткаптарды дарыканаларга жеткирүүлөр күн сайын жүргүзүлүп жатат.

14:04 23.03.2020

Асрандиев: Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөк пулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында берилет.

14:02 23.03.2020

Асрандиев: Жалал-Абадда ун тартыштыгы жаралгандыктан кечээ, бүгүн 109 тонна ун жөнөтүлдү.

14:00 23.03.2020

Асрандиев: Баа ушул бойдон тура берет деген ойдон алыс болуу керек. Дүйнөдө кризис болуп жатат. Биз да ага даяр болушубуз керек. КР бийлиги азык-түлүк баасын жогорулатпаганга аракет кылат.

13:54 23.03.2020

Асрандиев: Казакстанда чектөө коюлган азык-түлүктөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө тийиштүү эмес. Ун, суу май, кумшекер кирип жатат. Буларды башка мамлекеттерге алып чыгууга КРде да тыюу салынды.

13:53 23.03.2020

Асрандиев: Эгерде биз салык төлөмдөрүнүн өлчөмүн кыскартсак, анда бул пенсиялар менен жөлөк пулдарды төлөп берүүгө таасирин тийгизет, учурдагы кырдаалды реалдуу баалаш керек.

13:52 23.03.2020

Асрандиев: Коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси каралууда, белгилей кетсем, кабыл алынып жаткан ар бир чечим коммуналдык кызматтардын, суу менен камсыздоого жана энергетиканын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши зарыл.

13:33 23.03.2020

Асрандиев: пенсионерлер пенсиясын өз убагында алышат. Мугалим, дарыгер, тарбиячылардын айлыктары өз убагында, кемибей берилет.

Айрым маморгандардын ишин убактылуу токтото туруу маселесин карап жатабыз.

13:33 23.03.2020

Өкмөт: мал базар, ири соода түйүндүн баары жабылды. 

 

13:32 23.03.2020

Асрандиев: Казакстандан ун "Ак тилек" жана "Чоң Капка пункттары аркылуу келип жатат. 

13:31 23.03.2020

Ушу тапта вице-премьер Эркин Асрандинв маалымат жыйын өткөрүүдө. Негизинен коронавирустан улам өлкө экономикасы кандай абалда болуп жатканын айтып жатат.

12:59 23.03.2020

Ал арада Россия өкмөтү КМШ өлкөлөрүнүн жарандары эркин кире аларын жар салды. 

Прилет российских туристов из Черногории в Москву - Sputnik Кыргызстан
Россияга КМШ өлкөлөрүнүн жарандары эркин кире алат
12:54 23.03.2020

Covid-19 вирусун жуктуруп алган мекендеш 57 жаштагы эркек киши.

"Алдын ала маалыматтар боюнча вирусту жуктуруп алган адам дагы төрт киши менен Пакистанга дааватка барышкан. Жанындагы мекендештеринин экөө 60 жашта, бири 42 жана 24 жаштагы кыргызстандыктар. Бул жарандар консулдук каттоого турган эмес. Пакистандагы Кыргызстандын элчилигине жардам сурап да кайрылышкан эмес. Азыркы тапта ооруну жуктуруп алган жаран Пакистандагы PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасына жаткырылды. Жанындагы калган төртөө карантинге алынды", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабад шаарынын администрациясы жана укук коргоо органдары менен менен дайыма байланышта экени айтылды.

12:41 23.03.2020

Министрлик Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы жана Казакстандын колдоосу менен өлкөгө Египет жана Таиландга эс алууга барып келе албай калган туристтерди кайтарды.

"Египеттин Шарм-Эль-Шейх шаарынан 126 жана Таиланддын Бангкок шаарынан 11 кыргызстандык алып келинди. Алар алгач Алматы шаарынын аэропортуна конуп, Бишкекке Кыргызстандан жиберилген атайын транспортто медиктердин коштоосунда келишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, учурда бардыгы медициналык жайларга карантинге киргизилди. Тиешелүү анализдерди тапшырып жатышат.

11:44 23.03.2020

"Түшкөн акчаларды ачык пайдаланууну атайын топ көзөмөлдөйт. Ага өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин  депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет", - деп билдиришти өкмөттөн.

11:09 23.03.2020

Өкмөтттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы облустан 15 тигүү цехи медициналык бет кап чыгарып жатканын билдирди. Ар бири күнүнө 150дөн 1000ге чейин тиге алат. Бет каптар санитардык нормалардын талаптарына дал келерин айтты.
Мындан сырткары “Текстиль Транс” фабрикасы учурда медициналык бет кап үчүн материал чыгарып жатканы айтылат. Ушул жумада бул фабрика дагы күнүнө 50 миң бет кап тигип баштайт.
Облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев буга чейин бет кап тартыштыгын жоюу боюнча тапшырмаларды берген.

11:07 23.03.2020

Бишкектин кире беришинде бир нече чакырымдык тыгын пайда болду

 

10:53 23.03.2020

Чүй облусунун аймагына үч карантиндик жана жети фильтирациялык пост коюлду. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик облус тургундарын зарылчыгы жок болсо жолго чыкпай турууну өтүнөт. Ошондой эле ар бир жарандын жанында паспорту болуш керектигин эскертүүдө.

Установка карантинных и фильтрационных постов в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
10:38 23.03.2020
Ситуация в Бишкеке в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бүгүн да коронавирус жуктургандар аныкталган жок

Бүгүн эртең мененки маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. 

 

10:35 23.03.2020
Ситуация в Казахстане в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктургандар көбөйүүдө. Сандар

Тилеккке каршы, коңшу өлкөлөрдө коронавирус жуктургандар көбөйүүдө...

10:29 23.03.2020

Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик 90 пайызы айыкты. Вирусту жуктуруп алгандардын ичинен сакайгандарынын саны барган сайын көбөйүүдө. Азыркы тапта ооруканаларында 5120 гана адам калды.

Көңүл тынчыткан маалыматты кененирээк бул жерден окусаңыз болот. 

 

10:25 23.03.2020
Использование антисептических средств - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан чындап коргой турган антисептиктин курамы айтылды

Ал арада окурмандарга испаниялык фармацевт Мар Сиейранын вирустук инфекция менен күрөшүүчү  антисептикалык гель боюнча эскерткенин маалымдай кетели. 

 

10:17 23.03.2020

“Мен силердей эле жаранмын, силердин араңарда жүрөм. Мен да кооптонуп жатам. Силердей эле дүкөнгө барып, автобус, троллейбуска түшүп, ишке келем.

Ушул күндөрү тартипти, карантин эрежелерин баарыбыз сактайлы. Балдарыңарга колун жууганга үйрөткүлө, аны адат кылгыла. Айлана-чөйрөнү тазалагыла, үйдү улам химиялык заттар менен тазалагыла. Башкаларга да бул эрежелерди айткыла. Үйгө конок чакырганды токтото тургула. Жоопкерчиликтүү бололу”, - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин  Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында.

10:11 23.03.2020

“Ал - Жалал-Абаддын Сузак районунун жараны. 71 жаштагы киши. Умрага барып. коронавирусту жуктуруп алган.  Бир топ адамдар менен байланышта болгон. Үйүнө келгенден кийин абалы алсыз боло баштаганда анан дарыгерлерге кайрылган. Учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө”,  - деди Акматова. 

10:05 23.03.2020

“Жарандарыбызды балдары менен сейилдөөдөн, конокко баруудан жана коомдук жайларга баруудан баш тартууга дагы бир ирет чакырабыз. Тилекке каршы, айрымдар карантинди туугандар жана достор менен баарлаашуу убактысы катары кабыл алууда. Ата-энелер изоляция жана санитардык чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек”, – деди Акматова. 

10:02 23.03.2020

"Санитардык постто иштеген дарыгерлердин атайын тамак-ашын камсыз кылуу маселеси каралган. Буга чейин жергиликтүү бийлик уюштуруп берип жаткан. Азыр меценеттар пайда болду. Алар бир күн иштеп, эки сутка эс алат. Борбордон адистерди да иштегенге жиберип жатабыз", - деди Акматова. 

10:02 23.03.2020

Акматова: Медициналык кызматкерлерге кошумча каражат каралууда. Оорунун очогунда иштеп жаткан медиктерге  бир күндүк акчасы эки күнгө теңештирип төлөп берилет.

 

09:53 23.03.2020

 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда - 81 499. Бирок бул өлкөдө  вирусту жуктуруу кадыресе азайды. Андан сырткары кооптуулук жаратып жаткан Италияда - 53 578 учур бар.  Испанияда  - 24 926, Иранда  - 21 638  учур катталган. Германияда  21 463 киши жуктурган. 
Жакынкы коңшуларда  Россияда – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42 учур катталды.   

09:47 23.03.2020

Акматова: Симптому жок адамдар тесттен өз каалоосу менен келип өтө албайт. Бирок, оорунун таралышынын очогу болуп жаткан Ош, Баткен, Жалал-Абад облусундагы адамдарды, оору менен байланышта болгондорду экспресс-тест менен текшерүү жүрүп жатат.

 

09:45 23.03.2020

Акматова тамак-аш саткан дүкөндөрдүн сатуучуларын коопсуздукту сактоого чакырды. Облустагы, аймактардагы дүкөндөрдүн сатуучуларын кол кап жана маска кийиши зарылдыгын дагы бир жолу эскертти. Аларды облустук Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл боюнча органдын аймактык кызматкерлери текшерип турарын кошумчалады. 

 

09:43 23.03.2020

"Бүгүнкү күндө коомдук транспорт - автобус, троллейбустар дезинфекция жасалып жатат. Бул көзөмөлдө", - деди Акматова. 

09:42 23.03.2020

“Жарандардар карантинди толук сактабай жаткандай көрүнөт.  Андыктан карантиндин шарттарын катуу кармоого чарырам. Колдон келишинче үйдөн чыкпай, конокторду токтотсоңор. Балдардын дагы сыртка чыгуусун дагы чектегиле”, — деди Айнура Акматова.

09:40 23.03.2020

"Жеке жана юридикалык тараптардан түшкөн акчанын бир да сому коротула элек. Акча Финансы министрлигине түшөт. Анын суммасын атайын комиссия байкап, көзөмөлдөп турат"-  деди өкмөт башчынын маалымат катчысы Чынгыз Эсенгулов.

 

09:37 23.03.2020

“Коронавирустун бар-жогун 20 мүнөттө аныктай турган экспресс-тесттердин бир бөлүгү обустарга жөнөтүлдү”, — деди Айнура Акматова.

09:36 23.03.2020

"Тилекке каршы, жарандар биздин чектөөлөргө олуттуу эмес мамиле жасап жатат. Кытайда  коронавирусуту катуу тартип менен жеңген. Биздин жарандардын кээ бирлердин кол сунуп учурашып, өбүшүп учурашып жатканын байкап жатабыз, андай жасабагыла" - деди Акматова.

09:32 23.03.2020

Айнура Акматова: обсервацияга 2290 койка бөлүнгөн. 2451 кишиден анализ алынган. Медкароодон өткөн  1407 адам үйүнө кетирилген.

09:31 23.03.2020

Айнура Акматова: Кыргызстанда 14 адам жуктуруп алган. Алардын саны өзгөргөн жок. Алардын ичинен 8 аял, 6 эркек.  Жалал-Абад облусунун Жугуштуу оорулар боюнча ооруканасында жаткан киши ооруканадан кайра жандандыру бөлүмүнө жаткырылды.

09:29 23.03.2020

Саламаттыкты сактоо министрлигинин  Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөлөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирустун алдын алуу  жана анын  өлкө аймагына таралып кетүүсүн алды алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер  боюнча маалымат берип жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0