Шайлоо участогу. Архив

Жергиликтүү жана шаардык кеңештерге болчу шайлоо жылдырылды

188
(жаңыланган 11:36 23.03.2020)
12-апрель күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, ошондой эле Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерге шайлоо өтмөк. Буга чейин БШК аны токтотууга жана жылдырууга укуктук негиз жок экенин айтып келген.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Алдыдагы жергиликтүү жана айрым шаардык кеңештерге шайлоо күнү жылды. Бул тууралуу Жарлыкка бүгүн 23-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 12-апрель күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, ошондой эле Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерге шайлоо болмок. Буга чейин БШК аны токтотууга жана жылдырууга укуктук негиз жок экенин айтып келген.

"Баш мыйзамда Кыргызстан үчүн демократиялык өлкө катары эң баалуу болуп адам эсептелет. Жарандардын укугу, ден соолугу биринчи орунда тургандыктан, эпидемиологиялык жагдайды эске алуу менен кээде шашылыш чечимдерди кабыл алууга туура келет. Жогорку Кеңештин депутаттарынын, шайлоо комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен жарандардын коопсуздугу үчүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо процесстери токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Президенттик аппарат шайлоо процесстерин ишке ашыруу боюнча маселеге өлкөдө өзгөчө кырдаал жоюлгандан кийин кайрылары айтылды.

Эске салсак, COVID-19 вирусунан улам Кыргызстанда 22-марттан баштап бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

188
Белгилер:
жарлык, БШК, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1737)
Тема боюнча
Коронавирустан улам бүгүн кандай чектөөлөр кирди. Тизме
Бишкеке Москвадан Кыргызстандын жарандары келди

Россиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке келди. Сүрөт

76
(жаңыланган 16:16 05.07.2020)
Мекенге ак халатчандардан тышкары кош бойлуулар, студенттер, оорулуулар жана башка зарыл себептери бар адамдар келди.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди. КРдин Москвадагы элчилиги буга чейин өлкөгө бара турчу медиктердин саны 26 экенин айткан.

"Мекенге кайтып келүүнү каалагандардын саны көп болду. Ошондуктан элчиликтин, кыргыз диаспораларынын жана Москвадагы кыргызстандыктардын клиникаларынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия кайтуусу зарыл адамдардын тизмесин даярдады. Ага студенттер, кош бойлуулар, оорулуулар жана оор жагдайга кептелгендер кирген. Ошондой эле азыркы кырдаалга кол сунууга келген кыргызстандык медиктер бар", — деп айтылат маалыматта.

Ошко Москвадан дагы 343 кыргызстандык учуп келди

Кайтып келгендер медициналык кароодон өтүү үчүн обсервацияга алынары кошумчаланды.

ТИМ сыртта калып калган мекендештерди кайтаруу иши уланып жатканын белгиледи.

76
Белгилер:
ыктыярчылар, медик, каттам, ТИМ, Москва, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстанга Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алып келинди. Сүрөт
Кишинин температурасын текшерип жатышат. Архив

Окумуштуу: коронавирустан айыккандан кийин деле өпкө жакшы иштебей калат

61
(жаңыланган 15:42 05.07.2020)
Адистер вирус кайсы органдарды жабыркатарын кенен изилдөө менен анын кесепеттерин алдын алууга жардам берген препаратты даярдоону пландап жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Коронавирустан айыккандан бир нече айдан кийин деле симптомдору кала бериши мүмкүн. Бул тууралуу Charite медициналык комплексинин жана Гарвард университетинин профессору Тобиас Курт айтып чыкканын "Известия" жазды.

Анын айтымында, алсырап, өпкөсү начар иштеп, дем алуусу бузулгандар көбөйөт. Бул вируска чейин ден соолугу чың, өнөкөт оорулары жокторго дагы тиешелүү.

Коронавирустун экинчи толкуну: кышында аны грипптен айырмалоо кыйын болот

"Учурда дагы кайсы органдарды жабырката турганын изилдеп, бейтаптар менен иштешип жатабыз. Ошого жараша ооруну жеңгенден кийин анын кесепеттерин алдын алуу боюнча препаратты даярдоого болот", — деген профессор.

Буга чейин британиялык адистер вирустун кесепетинен кийин адамдын психологиясы бузуларын айтышкан.

61
Белгилер:
өпкө, оору, айыгуу, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы