Кыргыз элчилиги бир айда 17 600 тест-система берген Россияга ыраазычылык билдирди

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүЗдание посольства Кыргызстана в Москве
Здание посольства Кыргызстана в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия март айынын ичинде эле Кыргызстанга колдоо катары коронавирусту аныктоочу тест-системаларды эки ирет жөнөттү.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги коронавируска каршы күрөшүү үчүн колдоо көрсөткөн РФ өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Маалыматка караганда, Россия Кыргызстанга жардам катары коронавирусту аныктоочу тест-системаларды жөнөткөн.

"Россия 3-марттан 15-мартка чейинки аралыкта 7600 тест, 21-мартта Роспотребнадзор 10 миң адамга жете турган тест-система жөнөттү", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз элчилиги Россиянын өкмөтүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Республикалык штаб Кыргызстанда тест-системалардын саны жетиштүү экенин кабарлаган.  

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Россиялык дарыгер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда коронавируска каршы вакцина жаныбарларга сынала баштады
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Үчөө Ош облусуна караштуу Ноокат районунан, экөө Бишкектен, бирөө Баткен районунан. Эки адамдын абалы орточо оор деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Эске салсак, Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот

Жаңылыктар түрмөгү
0